География:ОРТОСЫРТ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
ОРТОСЫРТ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоонун түш.-батышында. Туурасуу, Калкагар ж-а Миңбулак сууларынын алабын ээлейт. Түш.-батышынан Арпанын Алатоосу (Жамантоо), түш.-чыгыш ж-а чыгышынан Калкагар, Ойнокжар, Аксарай, түндүгүнөн Байбиче, батышынан Төөкуйрук тоолору м-н чектешет. Деңиз деңг. бийикт. 2600–3300 м. Уз. Туурасуу ашуусунан Сууккапчыгайга чейин 50 км чамасында, туурасы (эң жазы жеринде) 10– 12 км. Рельефи жапыз тоолуу. О. ө-нүн курчаган тоолор анын таманынан 500–800 м, айрым жерлеринде 1000–1500 мге чейин көтөрүлөт. Таманы негизинен палеогендин кызгылт тектерине толгон. Суу бойлорундагы кашаттар төртүнчүлүк мезгилдин шиленди тектеринен түзүлгөн. Агын суулары (Миңбулак ж. б.) булактардан, кар сууларынан куралат. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —15..–20°С, июлдуку 10–12°С. Жылдык жаанчачыны 300–400 мм. Кышкысын кар аз түшөт. Өрөөндүн таманында субальп тоо сулусу, бетеге-шыбактуу талаа ландшафты басымдуу. 2800—3300 м бийикте тоо капталдарында тоо сулусу, бетеге-түркүн чөптүү шалбаалуу талаа ландшафты, тескей беттеринде шимүүр, өлөң чөп, бетеге, тоо сулусу, шалфей көбүрөөк кезигүүчү төөкуйрук аралаш субальп шалбаасы кеңири таралган. 3300–3500 м бийикте өлөң чөптүү доңуз сырты, тоо сулусу, бетеге аралаш альп шалбаасы жайгашкан. | |||
3500–3600 мден жогору шагылдуу беттер, аскалуу тоо кыркалары, байыркы мореналар, корум таштар. Өрөөндү Акталаа, Нарын р-ндору кышкы ж-а жайкы жайыт катары пайдаланат. | 3500–3600 мден жогору шагылдуу беттер, аскалуу тоо кыркалары, байыркы мореналар, корум таштар. Өрөөндү Акталаа, Нарын р-ндору кышкы ж-а жайкы жайыт катары пайдаланат. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
ОРТОСЫРТ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоонун түш.-батышында. Туурасуу, Калкагар ж-а Миңбулак сууларынын алабын ээлейт. Түш.-батышынан Арпанын Алатоосу (Жамантоо), түш.-чыгыш ж-а чыгышынан Калкагар, Ойнокжар, Аксарай, түндүгүнөн Байбиче, батышынан Төөкуйрук тоолору м-н чектешет. Деңиз деңг. бийикт. 2600–3300 м. Уз. Туурасуу ашуусунан Сууккапчыгайга чейин 50 км чамасында, туурасы (эң жазы жеринде) 10– 12 км. Рельефи жапыз тоолуу. О. ө-нүн курчаган тоолор анын таманынан 500–800 м, айрым жерлеринде 1000–1500 мге чейин көтөрүлөт. Таманы негизинен палеогендин кызгылт тектерине толгон. Суу бойлорундагы кашаттар төртүнчүлүк мезгилдин шиленди тектеринен түзүлгөн. Агын суулары (Миңбулак ж. б.) булактардан, кар сууларынан куралат. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —15..–20°С, июлдуку 10–12°С. Жылдык жаанчачыны 300–400 мм. Кышкысын кар аз түшөт. Өрөөндүн таманында субальп тоо сулусу, бетеге-шыбактуу талаа ландшафты басымдуу. 2800—3300 м бийикте тоо капталдарында тоо сулусу, бетеге-түркүн чөптүү шалбаалуу талаа ландшафты, тескей беттеринде шимүүр, өлөң чөп, бетеге, тоо сулусу, шалфей көбүрөөк кезигүүчү төөкуйрук аралаш субальп шалбаасы кеңири таралган. 3300–3500 м бийикте өлөң чөптүү доңуз сырты, тоо сулусу, бетеге аралаш альп шалбаасы жайгашкан. 3500–3600 мден жогору шагылдуу беттер, аскалуу тоо кыркалары, байыркы мореналар, корум таштар. Өрөөндү Акталаа, Нарын р-ндору кышкы ж-а жайкы жайыт катары пайдаланат.