География:МҮДҮРҮМ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
Ички Теңиртоодо.
<strong>МҮДҮРҮМ ӨРӨӨНҮ</strong> Ички Теңиртоодо.
Аксай өрөөнүнүн чыгышында, Атбашы р-нун аймагында жайгашкан. Түндүгүнөн Көбүргөнтү ж-а Жаңыжер тоолору, түштүгүнөн Какшаал кырка тоосу, чыгышынан Чоң Үзөңгүкууштун терең капчыгайы (Жүрөк) м-н чектешет. Уз. 80 км, туурасы 18 км. Өрөөндүн таманы 3800 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолор өрөөндүн таманынан 1000—1300 м көтөрүңкү. Тоо капталдары өрөөнгө жантайыңкы түшүп, кокту-колоттуу, этектери адырлуу. Өрөөн ичи түзөң, морена чөкмөлөрү неогендин ж-а палеогендин кызыл түстүү чөкмөлөрүнүн үстүндө жатат. Какшаал ж. б. курчаган тоолордон түшкөн мөңгүлөр чет-жакаларында жапыз мореналарды пайда кылат. Өрөөндүн бүт аймагына түбөлүк тоң мүнөздүү (калыңдыгы 100 мге чейин).

Саздуу жерлер, майда тайыз көлдөр бар.
Саздуу жерлер, майда тайыз көлдөр бар.

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

МҮДҮРҮМ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Аксай өрөөнүнүн чыгышында, Атбашы р-нун аймагында жайгашкан. Түндүгүнөн Көбүргөнтү ж-а Жаңыжер тоолору, түштүгүнөн Какшаал кырка тоосу, чыгышынан Чоң Үзөңгүкууштун терең капчыгайы (Жүрөк) м-н чектешет. Уз. 80 км, туурасы 18 км. Өрөөндүн таманы 3800 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолор өрөөндүн таманынан 1000—1300 м көтөрүңкү. Тоо капталдары өрөөнгө жантайыңкы түшүп, кокту-колоттуу, этектери адырлуу. Өрөөн ичи түзөң, морена чөкмөлөрү неогендин ж-а палеогендин кызыл түстүү чөкмөлөрүнүн үстүндө жатат. Какшаал ж. б. курчаган тоолордон түшкөн мөңгүлөр чет-жакаларында жапыз мореналарды пайда кылат. Өрөөндүн бүт аймагына түбөлүк тоң мүнөздүү (калыңдыгы 100 мге чейин). Саздуу жерлер, майда тайыз көлдөр бар. Өрөөн аркылуу Мүдүрүм суусу ж-а анын куймалары агат. Климаты кескин континенттик, өтө суук. Январдын орт. темпрасы –28°С, июлдуку 8°С; жылдык орт. жаан-чачыны 250–300 ммден ашпайт. Өрөөнгө жарым-чөл, кургак талаалуу субальп (3600 м бийиктикке чейин), шалбааталаалуу альп (3900 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.