География:КАРАСАЗ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>КАРАСАЗ ӨРӨӨНҮ</strong> Ички Теңиртоодо. | |||
Түндүгүнөн Каражорго, Каракаман, түштүгүнөн Капкаташ тоолору м-н чектешип, Карасаз суусунун алабын ээлейт. Тоң, Нарын, Кочкор р-ндорунун аймагында. Уз. 32 км, туурасы 7 км. Өрөөндүн таманы 2800–3100 м бийиктикте жатат. Тегерегиндеги тоолордун ага салыштырмалуу бийикт. 500–700 м. Батышында Белтепши ашуусу аркылуу (3270 м) Солтонсары, Жалпакбел (3300 м) ашуусу аркылуу Каракужур, чыгышында анча бийик эмес байыркы мореналардын кыры, дөбөлөрү аркылуу Балгарт өрөөндөрү м-н чектешет. | Түндүгүнөн Каражорго, Каракаман, түштүгүнөн Капкаташ тоолору м-н чектешип, Карасаз суусунун алабын ээлейт. Тоң, Нарын, Кочкор р-ндорунун аймагында. Уз. 32 км, туурасы 7 км. Өрөөндүн таманы 2800–3100 м бийиктикте жатат. Тегерегиндеги тоолордун ага салыштырмалуу бийикт. 500–700 м. Батышында Белтепши ашуусу аркылуу (3270 м) Солтонсары, Жалпакбел (3300 м) ашуусу аркылуу Каракужур, чыгышында анча бийик эмес байыркы мореналардын кыры, дөбөлөрү аркылуу Балгарт өрөөндөрү м-н чектешет. | ||
Таманы ортоңку бөлүгүндө кеңейип, саздак. Даана байкалган бир нече тектири бар, айрым жерлери дөбө-дөңсөлүү. Капталдары жантайыңкы келип, майда кокту-колот, өрөөндүү. Өрөөндүн таманы антропогендин шагыл, майда таш, кум, чопо чөкмөлөрүнө толгон. Климаты континенттик, январдын орт. темпрасы — 14°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. | Таманы ортоңку бөлүгүндө кеңейип, саздак. Даана байкалган бир нече тектири бар, айрым жерлери дөбө-дөңсөлүү. Капталдары жантайыңкы келип, майда кокту-колот, өрөөндүү. Өрөөндүн таманы антропогендин шагыл, майда таш, кум, чопо чөкмөлөрүнө толгон. Климаты континенттик, январдын орт. темпрасы — 14°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
КАРАСАЗ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Түндүгүнөн Каражорго, Каракаман, түштүгүнөн Капкаташ тоолору м-н чектешип, Карасаз суусунун алабын ээлейт. Тоң, Нарын, Кочкор р-ндорунун аймагында. Уз. 32 км, туурасы 7 км. Өрөөндүн таманы 2800–3100 м бийиктикте жатат. Тегерегиндеги тоолордун ага салыштырмалуу бийикт. 500–700 м. Батышында Белтепши ашуусу аркылуу (3270 м) Солтонсары, Жалпакбел (3300 м) ашуусу аркылуу Каракужур, чыгышында анча бийик эмес байыркы мореналардын кыры, дөбөлөрү аркылуу Балгарт өрөөндөрү м-н чектешет. Таманы ортоңку бөлүгүндө кеңейип, саздак. Даана байкалган бир нече тектири бар, айрым жерлери дөбө-дөңсөлүү. Капталдары жантайыңкы келип, майда кокту-колот, өрөөндүү. Өрөөндүн таманы антропогендин шагыл, майда таш, кум, чопо чөкмөлөрүнө толгон. Климаты континенттик, январдын орт. темпрасы — 14°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. Өрөөндүн таманына альп доңуз сырттуу шалбаа, каптал беттерине талаа, күнгөйүнө шалбаалуу талаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.