География:АРАБЕЛ—КУМТӨР ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
Ички Теңиртоонун түн.-чыгышында. Тескей Алатоо, Жетимбел, Акшыйрак тоолору м-н курчалган. Деңиз деңг. 3400–3800 м бийиктикте. Уз. 52 км, туурасы 14 км. Батышы кенен, айланасындагы тоолор ойдуңдун таманынан 500–1000 м, айрым чокулары 1300 мге чейин көтөрүлүп жатат. Жер байыркы мөңгүлөрдүн чордону болгон.
<strong>АРАБЕЛ—КУМТӨР ОЙДУҢУ</strong> Ички Теңиртоонун түн.-чыгышында. Тескей Алатоо, Жетимбел, Акшыйрак тоолору м-н курчалган. Деңиз деңг. 3400–3800 м бийиктикте. Уз. 52 км, туурасы 14 км. Батышы кенен, айланасындагы тоолор ойдуңдун таманынан 500–1000 м, айрым чокулары 1300 мге чейин көтөрүлүп жатат. Жер байыркы мөңгүлөрдүн чордону болгон.
Ошондуктан ойдуңдун рельефинин пайда болушу мөңгүнүн аракетине байланыштуу.
Ошондуктан ойдуңдун рельефинин пайда болушу мөңгүнүн аракетине байланыштуу.
Төртүнчүлүк мезгилдин башталышында ойдуңду дээрлик муздук каптап жаткан.
Төртүнчүлүк мезгилдин башталышында ойдуңду дээрлик муздук каптап жаткан.

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

АРАБЕЛ—КУМТӨР ОЙДУҢУ Ички Теңиртоонун түн.-чыгышында. Тескей Алатоо, Жетимбел, Акшыйрак тоолору м-н курчалган. Деңиз деңг. 3400–3800 м бийиктикте. Уз. 52 км, туурасы 14 км. Батышы кенен, айланасындагы тоолор ойдуңдун таманынан 500–1000 м, айрым чокулары 1300 мге чейин көтөрүлүп жатат. Жер байыркы мөңгүлөрдүн чордону болгон. Ошондуктан ойдуңдун рельефинин пайда болушу мөңгүнүн аракетине байланыштуу. Төртүнчүлүк мезгилдин башталышында ойдуңду дээрлик муздук каптап жаткан. Муздук чегингенде Арабел, Кумтөрдөй эң ири өрөөндөр ж-а меридиан б-ча созулган суу куймаларынын өрөөндөрү түзүлгөн. Рельефинде морена дөбөлөрү (бийикт. 20– 25 мге чейин), саздуу оёңчолор ж-а тегиз жерлер кеңири аянтты ээлейт. Ойдуңдун таманы кайназойдун шиленди чөкмөлөрүнөн турат. Чет-жакаларында кыргыз кызыл түстүү свитасынын чополору, кумдук, шагылдар кездешет. Алар төртүнчүлүк мезгилдин мөңгү таштарынын шилендилери м-н капталган. Ойдуң аркылуу батыштан чыгышка Арабел суусу агат. Майда көлдөр бар. Климаты катаал. Кышы суук ж-а узак. Январдын орт. темпрасы –19,5...–21,2°С, жайы кыска, июлдун орт. темп-расы 2,3–4,3°С. Жылдык жаанчачыны 311 мм. өсүмдүктөрү сейрек, ар кайсы жерде топ-топ болуп, жаздык же орок сымал жерге жабышып өсөт. Тоо капталдарына альп шалбаалуу талаа (каз таман, ыраң, тогуз төбөл, бетеге ж. б.), субнивалдык суук чөл, кар-мөңгү, алкактары мүнөздүү. Чарбада жайкы жайыт катары пайдаланылат. Арабел суусун Жууку ашуусу б-ча Ысыккөлгө буруу керек деген сунуштар бар. Өрөөндүн чыгыш тарабында, Акшыйрак тоо тоомунун түн.-батыш тарабында Кумтөр алтын кени бар. Өрөөн аркылуу Барскон – Кумтөр авт. жолу өтөт.