География:ТЕҢИРТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
, А л а т о о, Т я н ь ш а н ь – Орто ж-а Борб. Азиядагы тоо системасы.
ТЕҢИРТОО – Кантеңир (Музтоо) тоо тоомунун борб. бөлүгүндөгү кырка тоо. Борб.
40° м-н 45° түн. кеңдиктердин, 67° м-н 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Т-нун батыш жагы негизинен Кыргыз Респ-нын, түн. ж-а батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, Тажик Респ-нын, чыгышы Кытайдын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км).
Теңиртоодо. Меридиан кырка тоосундагы Чатыр чокусунан (6700 м) башталып, батыш тарапка Броненосец аскалуу урчугуна (4915 м) чейин созулуп, Түн. ж-а Түш.
Түндүктө Т. Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Алатоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу м-н туташат. Т-нун батыш бөлүгүнүн түн. ж-а түш. чегаралары болуп адатта Иле ж-а Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Т. түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары м-н чектелет.
Эңилчек мөңгүлөрүн бөлүп турат. Уз. 38 км, туурасы 6–9 км, орт. бийикт. 6000 м, эң бийик жери 6995 м (Кантоо; Меридиан кырка тоосунан 6 км батышта) салыштырма бийикт.
Т. көбүнчө кеңдик же ага жакын багытта созулган тоо тизмектерден турат; борб. бөлүгүндө гана меридиан багытында жайгашкан тоо (Меридиан кырка тоосу) бар.
1500–2000 м. Түш. капталы тик (55–60°), түндүгү жантайыңкы (40–45°) келип, мөңгү, өрөөндөр м-н тилмеленген. Палеозойдун мрамор, мраморлошкон акиташ, кристаллдуу сланец тектеринен ж-а аларды жиреп чыккан гранит, гранит-диориттен турат.
Бул кырка тоо Батыш (Кырг-ндын аймагында) Т. м-н Чыгыш (Кытайда) Т-нун табигый чегарасы болуп саналат. Т-нун бул бөлүгү Борбордук Т. деп аталып, мында бийик чокулар жайгашкан: Жеңиш чокусу (7439 м), Кантоо (6995 м).
Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 132 км2. Т-нун түн.-батыш, батыш этегинен Мерцбахер көлү орун алган. Тоо толугу м-н гляциалдыкнивалдык алкакта жатат. Альпинистерди кызыктыруучу жай.
Т. төм. орографиялык облустарга бөлүнөт: Т ү н д ү к Т. Кетмен кырка тоосу (бир бөлүгү Кытайда), Иле-Алатоосу, Күнгөй Алатоо, Кыргыз Алатоосунан турат; Б а т ы ш Т. Талас Алатоосун, түш.-батышында ага тутумдаш жаткан Чаткал, Пскем, Угам  кырка тоолорун, о. эле Каратоону ичине камтыйт. Фергана өрөөнүн курчаган тоо кыркалар, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталы кошо, кээде Түш.-Батыш Т. деп да аталат; Кыргыз Алатоосунун ж-а Ысыккөл өрөөнүнүн түштүгүндөгү Ички Т. түш.-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Ички Т.
Борбордук Т-дон бөлүп турган Акшыйрак массиви м-н торолгон. Түн. ж-а Батыш Тнун тоо кыркалары чыгыштан батышка карай акырындык м-н 4500–5000 мден 3500– 4000 мге (Каратоодо 2176 мге) чейин жапыздайт; капталдары асимметриялык түзүлүштө: Иле, Чүй, Талас өрөөндөрүнө караган түн. капталдары узунураак, капчыгайлар м-н өтө тилмеленген, салыштырма бийиктиктери 4000 мге чейин ж-а андан да бийик. Ички Т-нун ири кырка тоолору: Тескей Алатоо, Борколдой, Атбашы кырка тоолору (4500–5000 мге чейин), Какшаал тоо тизмеги (Данков чокусу 6982 м).
Чыгыш Т-до кеңдик багытында созулган өрөөндөр ж-а чуңкурдуктар м-н бөлүнгөн кырка тоолордун 2 тилкеси даана байкалат. Негизги кырка тоолордун бийикт. 4000–5000 м; түн. тилкенин тоо кыркалары – Борохоро, Иренхабырга, Богодоула, Карлыктоо 95° чыгыш узундукка чейин созулат. Түш. тилкеси кыскараак (90° чыгыш узундукка чейин гана); негизги кырка тоолору – Халыктау, Сарминула, Куруктаг. Чыгыш Т-нун этектеринде Турпан (тереңдиги деңиз деңгээлинен төмөн, 154 м төмөн жайгашкан). Хами чуңкурдуктары орун алган түш. тилкесинин аймагында Баграш көлү жаткан тоо арасындагы ойдуң бар.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

ТЕҢИРТОО – Кантеңир (Музтоо) тоо тоомунун борб. бөлүгүндөгү кырка тоо. Борб. Теңиртоодо. Меридиан кырка тоосундагы Чатыр чокусунан (6700 м) башталып, батыш тарапка Броненосец аскалуу урчугуна (4915 м) чейин созулуп, Түн. ж-а Түш. Эңилчек мөңгүлөрүн бөлүп турат. Уз. 38 км, туурасы 6–9 км, орт. бийикт. 6000 м, эң бийик жери 6995 м (Кантоо; Меридиан кырка тоосунан 6 км батышта) салыштырма бийикт. 1500–2000 м. Түш. капталы тик (55–60°), түндүгү жантайыңкы (40–45°) келип, мөңгү, өрөөндөр м-н тилмеленген. Палеозойдун мрамор, мраморлошкон акиташ, кристаллдуу сланец тектеринен ж-а аларды жиреп чыккан гранит, гранит-диориттен турат. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 132 км2. Т-нун түн.-батыш, батыш этегинен Мерцбахер көлү орун алган. Тоо толугу м-н гляциалдыкнивалдык алкакта жатат. Альпинистерди кызыктыруучу жай.