География:ЫСЫКАТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
– Чүй өрөөнүндөгү дарылык касиети бар ысык суу булактары. Ысыката р-нунда, Бишкек ш-нан 77 км түш.-чыгышта, Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы Ысыката капчыгайында, деңиз деңг. 1775 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү (археол. маалыматтар б-ча жылуу булактар б. з. 2–3-к-нда эле пайдаланылган). Алгачкы геол. маалымат 1875-ж.берилген. Жылуу суунун аймагында палеозойдун метаморфизмделген сланец, кумдук ж. б. чөкмө тоо тектери ж-а аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы, о. эле аларды жаап жаткан төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү жатат. Тоотек катмарларын меридиан багытында созулуп жаткан терең тектон. жарака кесип өтөт. | |||
Аны бойлой көп ысык суу булактары жайгашкан. Суунун темп-расы 48–55° Сге чейин, тунук, күкүрттүү суутек жыттанат. Булактардын жалпы чыгымы 3,64 л/сек. Кошумча 8 бургулоо көзөнөгү бар. Алардан чыккан ысык суунун жалпы чыгымы 20 л/сек. | Аны бойлой көп ысык суу булактары жайгашкан. Суунун темп-расы 48–55° Сге чейин, тунук, күкүрттүү суутек жыттанат. Булактардын жалпы чыгымы 3,64 л/сек. Кошумча 8 бургулоо көзөнөгү бар. Алардан чыккан ысык суунун жалпы чыгымы 20 л/сек. | ||
Суу аз минералдашкан (0,23– 0,30 г/л). | Суу аз минералдашкан (0,23– 0,30 г/л). | ||
24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска
– Чүй өрөөнүндөгү дарылык касиети бар ысык суу булактары. Ысыката р-нунда, Бишкек ш-нан 77 км түш.-чыгышта, Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы Ысыката капчыгайында, деңиз деңг. 1775 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү (археол. маалыматтар б-ча жылуу булактар б. з. 2–3-к-нда эле пайдаланылган). Алгачкы геол. маалымат 1875-ж.берилген. Жылуу суунун аймагында палеозойдун метаморфизмделген сланец, кумдук ж. б. чөкмө тоо тектери ж-а аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы, о. эле аларды жаап жаткан төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү жатат. Тоотек катмарларын меридиан багытында созулуп жаткан терең тектон. жарака кесип өтөт.
Аны бойлой көп ысык суу булактары жайгашкан. Суунун темп-расы 48–55° Сге чейин, тунук, күкүрттүү суутек жыттанат. Булактардын жалпы чыгымы 3,64 л/сек. Кошумча 8 бургулоо көзөнөгү бар. Алардан чыккан ысык суунун жалпы чыгымы 20 л/сек. Суу аз минералдашкан (0,23– 0,30 г/л). Кремний кислотасы арбын (40–50 мг/л). С у л ь ф а т - х л о р и д - г и д р о к а р б о н а т - н а трийлүү. Составында азот, фтор (85 мг/л), аз өлчөмдө бром, темир, титан, ванадий, алюминий, молибден, стронций, жез, литий кезигет. Жылуу суунун базасында Ысыката курорту иштейт.