География:ЧАТКАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>ЧАТКАЛ</strong> – Түш.-Батыш Теңиртоодогу дарыя, Чыйырчыктын сол курамы. Талас Алатоосу м-н Чаткал кырка тоосунун туташкан жеринен башталып, Чаткал өрөөнү аркылуу түш.-батышты карай агат.
– Түш.-Батыш Теңиртоодогу дарыя, Чыйырчыктын сол курамы. Талас Алатоосу м-н Чаткал кырка тоосунун туташкан жеринен башталып, Чаткал өрөөнү аркылуу түш.-батышты карай агат.
Уз. 217 км, алабынын аянты 7110 км2.
Уз. 217 км, алабынын аянты 7110 км2.
Башы Каракулжа аталат. Жогорку бөлүгү тик, терең сай, Каратерек суусу куйгандан баштап кенен жайылма аркылуу агат.
Башы Каракулжа аталат. Жогорку бөлүгү тик, терең сай, Каратерек суусу куйгандан баштап кенен жайылма аркылуу агат.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

– Түш.-Батыш Теңиртоодогу дарыя, Чыйырчыктын сол курамы. Талас Алатоосу м-н Чаткал кырка тоосунун туташкан жеринен башталып, Чаткал өрөөнү аркылуу түш.-батышты карай агат.

Уз. 217 км, алабынын аянты 7110 км2. Башы Каракулжа аталат. Жогорку бөлүгү тик, терең сай, Каратерек суусу куйгандан баштап кенен жайылма аркылуу агат. Терс суусу куйгандан кийин Кумбел тоосун кесип өтүп, кенен өрөөнгө чыгат. Башкы куймалары: Аксуу, Кокуйбел, Ав летим, Терс, Найза (сол), Каракысмак, Бештерек, Чандалаш, Көксуу ж. б. (оң). Жылдык орт. чыгымы Чарбак кыш. тушта 122 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 535 м3/сек, азы 26,9 м3/сек. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Кышында тоңот. Алабындагы көлдөрдүн ириси – Каратоко (аянты 1,02 км2). Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында Чарбак суу с. курулган. Жээгинде Жаңыбазар, Акташ, Айгыржал кыш. жайгашкан.