География:КАРАКЫСМАК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
– Чаткал д-нын оң куймасы; өрөөнү капчыгайлуу кооз аймак. | |||
Уз. 27 км, алабынын аянты 247 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3200 м. | Уз. 27 км, алабынын аянты 247 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3200 м. | ||
Т алас Алатоосунун түш. капталынан, Карабуура ашуусуна жакын жерден башталат. К. суусу 17–18 км аралыкта терең капчыгай м-н шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун жылдык орт. чыгымы 2–3 м3/сек; эң көбү июнь – июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. Өрөөндүн жогору жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, филлит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачыны 600– 800 мм; көбүнчө ноябрь – март айларында жаайт; Апрель – майда тез-тез сел, көчкү жүрүп турат. Орус саякатчысы Н. А. | Т алас Алатоосунун түш. капталынан, Карабуура ашуусуна жакын жерден башталат. К. суусу 17–18 км аралыкта терең капчыгай м-н шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун жылдык орт. чыгымы 2–3 м3/сек; эң көбү июнь – июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. Өрөөндүн жогору жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, филлит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачыны 600– 800 мм; көбүнчө ноябрь – март айларында жаайт; Апрель – майда тез-тез сел, көчкү жүрүп турат. Орус саякатчысы Н. А. | ||
24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска
– Чаткал д-нын оң куймасы; өрөөнү капчыгайлуу кооз аймак.
Уз. 27 км, алабынын аянты 247 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3200 м. Т алас Алатоосунун түш. капталынан, Карабуура ашуусуна жакын жерден башталат. К. суусу 17–18 км аралыкта терең капчыгай м-н шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун жылдык орт. чыгымы 2–3 м3/сек; эң көбү июнь – июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. Өрөөндүн жогору жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, филлит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачыны 600– 800 мм; көбүнчө ноябрь – март айларында жаайт; Апрель – майда тез-тез сел, көчкү жүрүп турат. Орус саякатчысы Н. А. Северцов 1864-ж. июнь айында Каракысмактан өзөндү үч жылдан бери бөгөп жаткан 7 чоң кар көчкү («кар көпүрөнү») көргөн; алардын айрымдарынын уз. 800– 1000 мге чейин жеткен. 1975-ж. 9-июнда ушул эле жерде (Мырсаш м-н Мадисайдын ортосунда) 14 «кар көпүрө» пайда болгон. Капчыгайдын аймагында шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу; өзөндүн боюнда түрдүү бадал, төмөн жагында кайың, тал, жайык кашаттарда шашыр, бийик тоолуу (3000 м ж-а андан жогору) жерлеринде жапалак арча өсөт. Капчыгайдын көп жери жылаңач аскалуу. К-ты бойлоп Талас м-н Чаткалды байланыштырган авт. жолу өтөт. К. тарыхый топоним: Тимурдун 14-к-дын аягындагы Моголстанга жасаган жортуулдарында номен Каракасмак түрүндө бир нече жолу эскерилет. 19–20-к-дын башында Өзбекстанда коңурат уруусунда каракасмак деген урук болгон.