География:ЧИЛИСАЙ КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
ЧИЛИСАЙ КАПЧЫГАЙЫ Кичи Алай тоосунун түндүк капталындагы Чилисай суусунун агымы б-ча (Гезарт ж-а Актөбө суулары кошулгандан тартып Ноокат өрөөнүнө чыга беришке чейин) 23 кмге созулуп жатат. Таманынын туурасы 300– 600 м, деңиз деңг. бийикт. 1600–2400 м.
Кичи Алай тоосунун түндүк капталындагы Чилисай суусунун агымы б-ча (Гезарт ж-а Актөбө суулары кошулгандан тартып Ноокат өрөөнүнө чыга беришке чейин) 23 кмге созулуп жатат. Таманынын туурасы 300– 600 м, деңиз деңг. бийикт. 1600–2400 м.
Капчыгай кууш, капталдары тик келип, кокту-колоттуу. Курчаган тоолордун капчыгайдын таманынан салыштырмалуу бийикт. 700–900 м. Капчыгай аркылуу Аравансайдын сол курамы Чилисай суусу агып өтөт. Негизинен девон м-н силурдун сланец, кумдук, диабаз, акиташ, алевролит, спилит тектеринен турат. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы –4°С, июлдуку 19°С; жылдык жаан-чачыны 340 мм. Бадал-арча аралашкан талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу; таманында тал-кайың токойлору, кургак талаа аянттары кездешет. Жайыт. Капчыгайдын Ноокат өрөөнүнө чыга берген жериндеги тик аска таштарда байыркы тамгалар, сөлөкөттөр ж. б. тартылган; капчыгайда калмактардын сепилдеринин, күмбөздөрүнүн урандылары бар.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска