География:СОХ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүндө (түн. капталында) түштүктөн түндүккө созулуп жатат. Баш жагы үч айрыктан — Кожашкан, Арчабашы, Актерек өрөөндөрүнөн турат. Өрөөндүн Зардалыдан Канигутка чейинки бөлүгү (уз. 85 км) деңиз деңг. 1700— 1800 м, баш жактары (Кожашкан, Арчабашы, Актерек) 1800–3500 м бийикте жатат. Тегерегиндеги тоолор өрөөндүн таманынан 1500–2700 мге көтөрүлөт. Капталдары тик, аскалуу, палеозойдун сланец, акиташ, гранит-диорит тектеринен турат. Зардалы кыш-нан төмөнүрөөк капчыгайга (тангиге) айланат. Жалпысынан С. ө. Кожашкандын башаттарынан чатына чейинки 145 км аралыкта 3900 м бийиктиктен 700 мге чейин эңкейиштейт, б. а. ар 1 км аралыкта 22 мге төмөндөйт. С. ө-нүн ортоңку жайык бөлүгү Тескей ж-а Катыраң тоолорунун чети аркылуу өтөт. Катыраң тоолорун батыш жагынан кесип өтүп, өрөөн кайрадан кууштайт. Актурпак кыш-нан төмөн С. ө. жазы Исфара-Лякан түздүгүнө өтөт. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 19– 25°С, январдыкы –2...—16°С. Жылдык жаан-чачыны 200–600 мм. Өрөөн аркылуу Сох суусу ж-а анын куймалары агып өтөт. | |||
Өрөөндүн төмөнкү түзөң ж-а адырлуу бөлүгүн (500–800 м бийиктикте) чөл ж-а жарым чөл (шыбак, баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү өсөт), андан жогору 1300 м бийикке чейин кургак талаа (эфемер, шыбак, таргыл, буудайык, өлөң чөп басымдуу; мисте кездешет), 1300–1800 м бийикте буудайык-түркүн чөптүү талаа, 1800– 3000 м бийикте бетегелүү талаа, 3000–3500 мде субальп шалбаалуу талаа (бетеге, төөтапан ж. б., сейрек өскөн жапалак арча), 3500–3900 м бийиктикте альп, шалбаа, 3900 мден жогору жагын гляциалдык-нивалдык ландшафттары ээлейт. Айрым мөңгүлөрдүн (Матча) этеги 2700–2900 мге чейин түшөт. Төмөнкү бөлүгүндөгү түз аймактар да тамеки, жаан-чачындуу жеринде кайрак эгин (буудай, арпа) эгилет. | Өрөөндүн төмөнкү түзөң ж-а адырлуу бөлүгүн (500–800 м бийиктикте) чөл ж-а жарым чөл (шыбак, баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү өсөт), андан жогору 1300 м бийикке чейин кургак талаа (эфемер, шыбак, таргыл, буудайык, өлөң чөп басымдуу; мисте кездешет), 1300–1800 м бийикте буудайык-түркүн чөптүү талаа, 1800– 3000 м бийикте бетегелүү талаа, 3000–3500 мде субальп шалбаалуу талаа (бетеге, төөтапан ж. б., сейрек өскөн жапалак арча), 3500–3900 м бийиктикте альп, шалбаа, 3900 мден жогору жагын гляциалдык-нивалдык ландшафттары ээлейт. Айрым мөңгүлөрдүн (Матча) этеги 2700–2900 мге чейин түшөт. Төмөнкү бөлүгүндөгү түз аймактар да тамеки, жаан-чачындуу жеринде кайрак эгин (буудай, арпа) эгилет. | ||
Тоо ландшафттары (шалбаалуу талаа, талаа) негизинен жайытка пайдаланылат. | Тоо ландшафттары (шалбаалуу талаа, талаа) негизинен жайытка пайдаланылат. | ||
24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска
Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүндө (түн. капталында) түштүктөн түндүккө созулуп жатат. Баш жагы үч айрыктан — Кожашкан, Арчабашы, Актерек өрөөндөрүнөн турат. Өрөөндүн Зардалыдан Канигутка чейинки бөлүгү (уз. 85 км) деңиз деңг. 1700— 1800 м, баш жактары (Кожашкан, Арчабашы, Актерек) 1800–3500 м бийикте жатат. Тегерегиндеги тоолор өрөөндүн таманынан 1500–2700 мге көтөрүлөт. Капталдары тик, аскалуу, палеозойдун сланец, акиташ, гранит-диорит тектеринен турат. Зардалы кыш-нан төмөнүрөөк капчыгайга (тангиге) айланат. Жалпысынан С. ө. Кожашкандын башаттарынан чатына чейинки 145 км аралыкта 3900 м бийиктиктен 700 мге чейин эңкейиштейт, б. а. ар 1 км аралыкта 22 мге төмөндөйт. С. ө-нүн ортоңку жайык бөлүгү Тескей ж-а Катыраң тоолорунун чети аркылуу өтөт. Катыраң тоолорун батыш жагынан кесип өтүп, өрөөн кайрадан кууштайт. Актурпак кыш-нан төмөн С. ө. жазы Исфара-Лякан түздүгүнө өтөт. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 19– 25°С, январдыкы –2...—16°С. Жылдык жаан-чачыны 200–600 мм. Өрөөн аркылуу Сох суусу ж-а анын куймалары агып өтөт.
Өрөөндүн төмөнкү түзөң ж-а адырлуу бөлүгүн (500–800 м бийиктикте) чөл ж-а жарым чөл (шыбак, баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү өсөт), андан жогору 1300 м бийикке чейин кургак талаа (эфемер, шыбак, таргыл, буудайык, өлөң чөп басымдуу; мисте кездешет), 1300–1800 м бийикте буудайык-түркүн чөптүү талаа, 1800– 3000 м бийикте бетегелүү талаа, 3000–3500 мде субальп шалбаалуу талаа (бетеге, төөтапан ж. б., сейрек өскөн жапалак арча), 3500–3900 м бийиктикте альп, шалбаа, 3900 мден жогору жагын гляциалдык-нивалдык ландшафттары ээлейт. Айрым мөңгүлөрдүн (Матча) этеги 2700–2900 мге чейин түшөт. Төмөнкү бөлүгүндөгү түз аймактар да тамеки, жаан-чачындуу жеринде кайрак эгин (буудай, арпа) эгилет. Тоо ландшафттары (шалбаалуу талаа, талаа) негизинен жайытка пайдаланылат. С. Байгуттиев