География:КӨКОЙРОК ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
— Түн. Теңиртоодогу бийик тоо өрөөнү. Чоң Кемин өрөөнүнүн жогорку бөлүгү. Иле Алатоосу м-н Күнгөй Алатоонун аралыгында жайгашкан. Чоң Кеминдин оң куймасы Кашкасуудан Кемин-Челек тоо тоомуна чейин 80 кмдей созулат. Туурасы 200 мден (таманы) 10 кмге чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1550 мден 4771 мге чейин (Чоктал, Күнгөй Алатоосу). Грабен тибиндеги өрөөн; неотектоникалык мезгилдин Күнгөй Алатоо м-н Иле Алатоосу көтөрүлүп, аралыгындагы тилке төмөн түшкөн; өрөөндүн чети м-н тоо этектерин бойлото тектон. жаракалар өтөт. Морфологиялык түзүлүшү б-ча К. ө-нүн экиге бөлүүгө болот: Жогорку бөлүгү Жиндисуудан (Чоң Кеминдин оң куймасы) Кемин-Челек тоо тоомуна чейин 35 кмге созулат; жазылыгы 200– 300 мден (Жиндисуунун чатына жакын) 1 кмге чейин (Ортокойсуу ж-а Чолпоната сууларынын аймагында). Таманы ичке тилкелүү түздүктөн, капталдары тик, анча терең эмес сайлардан (Четкойсуу, Чолпоната, Туюкалматы, Көлалматы, Ашулуалматы ж. б.) турат. Өрөөндө муз каптоо доорунда уз. 20 кмден ашкан мөңгү ээлеген. | |||
Азыр байыркы мөңгүнүн издери (тепши сымал өрөөндөр, төр, морена ж. б.) көп кездешет. Чолпонатанын төрүндө тепши сымал өрөөн даана байкалат. Төмөнкү бөлүгү Кашкасуудан Жиндисууга чейин созулган тоо-капчыгайлуу өрөөн. Уз. 45 км. | Азыр байыркы мөңгүнүн издери (тепши сымал өрөөндөр, төр, морена ж. б.) көп кездешет. Чолпонатанын төрүндө тепши сымал өрөөн даана байкалат. Төмөнкү бөлүгү Кашкасуудан Жиндисууга чейин созулган тоо-капчыгайлуу өрөөн. Уз. 45 км. | ||
Мында өрөөндүн таманы көбүнчө кууш (200–300 м), капталдары тик. Иле Алатоосунун капталдары тик ж-а кыскараак келип, терең сайлар м-н тилмеленген. Күнгөй Алатоонун этегин бойлото граниттен турган асимметриялуу массив өрөөндүн таманынан тик көтөрүлүп турат. Граниттүү массив м-н Күнгөй Алатоонун аралыгында бийик (2800–3000 м) бөксө тоонун тилкеси жатат. Өрөөндүн Торайгыр, Жашылкөл, Куукарагайдын талаасы, Жая туштагы бөлүктөрү салыштырмалуу кененирээк (1 кмге чейин), анткени төртүнчүлүк мезгилдин 1-жарымындагы катуу жер титирөөлөрдөн зор көчкүлөр жүрүп, Чоң Кемин суусун бөгөп, убактылуу көлдөрдү пайда кылган. Көлдөр соолугандан кийин, чөкмөлөрүнөн чакан түздүктөр пайда болгон. Түзүлүшүндө негизинен протерозойдун, палеозойдун кристаллдуу (сланец, гнейс, гранит-диорит, мрамор ж. б.) тектери басымдуу. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы —5...—10°С; июлдуку 12–15°С; жылдык жаан-чачыны 500– 700 мм. Аймагында жалпы аянты 148 км2 келген 132 мөңгү жайгашкан. Негизги суусу — Чоң Кемин (куймалары: Кашкасуу, Карагайлуубулак, Бузулгансай, Чоң Койсуу, Аксуу, Чолпоната, Жиндисуу ж. б.). | Мында өрөөндүн таманы көбүнчө кууш (200–300 м), капталдары тик. Иле Алатоосунун капталдары тик ж-а кыскараак келип, терең сайлар м-н тилмеленген. Күнгөй Алатоонун этегин бойлото граниттен турган асимметриялуу массив өрөөндүн таманынан тик көтөрүлүп турат. Граниттүү массив м-н Күнгөй Алатоонун аралыгында бийик (2800–3000 м) бөксө тоонун тилкеси жатат. Өрөөндүн Торайгыр, Жашылкөл, Куукарагайдын талаасы, Жая туштагы бөлүктөрү салыштырмалуу кененирээк (1 кмге чейин), анткени төртүнчүлүк мезгилдин 1-жарымындагы катуу жер титирөөлөрдөн зор көчкүлөр жүрүп, Чоң Кемин суусун бөгөп, убактылуу көлдөрдү пайда кылган. Көлдөр соолугандан кийин, чөкмөлөрүнөн чакан түздүктөр пайда болгон. Түзүлүшүндө негизинен протерозойдун, палеозойдун кристаллдуу (сланец, гнейс, гранит-диорит, мрамор ж. б.) тектери басымдуу. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы —5...—10°С; июлдуку 12–15°С; жылдык жаан-чачыны 500– 700 мм. Аймагында жалпы аянты 148 км2 келген 132 мөңгү жайгашкан. Негизги суусу — Чоң Кемин (куймалары: Кашкасуу, Карагайлуубулак, Бузулгансай, Чоң Койсуу, Аксуу, Чолпоната, Жиндисуу ж. б.). | ||
24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска
— Түн. Теңиртоодогу бийик тоо өрөөнү. Чоң Кемин өрөөнүнүн жогорку бөлүгү. Иле Алатоосу м-н Күнгөй Алатоонун аралыгында жайгашкан. Чоң Кеминдин оң куймасы Кашкасуудан Кемин-Челек тоо тоомуна чейин 80 кмдей созулат. Туурасы 200 мден (таманы) 10 кмге чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1550 мден 4771 мге чейин (Чоктал, Күнгөй Алатоосу). Грабен тибиндеги өрөөн; неотектоникалык мезгилдин Күнгөй Алатоо м-н Иле Алатоосу көтөрүлүп, аралыгындагы тилке төмөн түшкөн; өрөөндүн чети м-н тоо этектерин бойлото тектон. жаракалар өтөт. Морфологиялык түзүлүшү б-ча К. ө-нүн экиге бөлүүгө болот: Жогорку бөлүгү Жиндисуудан (Чоң Кеминдин оң куймасы) Кемин-Челек тоо тоомуна чейин 35 кмге созулат; жазылыгы 200– 300 мден (Жиндисуунун чатына жакын) 1 кмге чейин (Ортокойсуу ж-а Чолпоната сууларынын аймагында). Таманы ичке тилкелүү түздүктөн, капталдары тик, анча терең эмес сайлардан (Четкойсуу, Чолпоната, Туюкалматы, Көлалматы, Ашулуалматы ж. б.) турат. Өрөөндө муз каптоо доорунда уз. 20 кмден ашкан мөңгү ээлеген.
Азыр байыркы мөңгүнүн издери (тепши сымал өрөөндөр, төр, морена ж. б.) көп кездешет. Чолпонатанын төрүндө тепши сымал өрөөн даана байкалат. Төмөнкү бөлүгү Кашкасуудан Жиндисууга чейин созулган тоо-капчыгайлуу өрөөн. Уз. 45 км. Мында өрөөндүн таманы көбүнчө кууш (200–300 м), капталдары тик. Иле Алатоосунун капталдары тик ж-а кыскараак келип, терең сайлар м-н тилмеленген. Күнгөй Алатоонун этегин бойлото граниттен турган асимметриялуу массив өрөөндүн таманынан тик көтөрүлүп турат. Граниттүү массив м-н Күнгөй Алатоонун аралыгында бийик (2800–3000 м) бөксө тоонун тилкеси жатат. Өрөөндүн Торайгыр, Жашылкөл, Куукарагайдын талаасы, Жая туштагы бөлүктөрү салыштырмалуу кененирээк (1 кмге чейин), анткени төртүнчүлүк мезгилдин 1-жарымындагы катуу жер титирөөлөрдөн зор көчкүлөр жүрүп, Чоң Кемин суусун бөгөп, убактылуу көлдөрдү пайда кылган. Көлдөр соолугандан кийин, чөкмөлөрүнөн чакан түздүктөр пайда болгон. Түзүлүшүндө негизинен протерозойдун, палеозойдун кристаллдуу (сланец, гнейс, гранит-диорит, мрамор ж. б.) тектери басымдуу. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы —5...—10°С; июлдуку 12–15°С; жылдык жаан-чачыны 500– 700 мм. Аймагында жалпы аянты 148 км2 келген 132 мөңгү жайгашкан. Негизги суусу — Чоң Кемин (куймалары: Кашкасуу, Карагайлуубулак, Бузулгансай, Чоң Койсуу, Аксуу, Чолпоната, Жиндисуу ж. б.). Өрөөндүн ландшафты кооз. Субнивалдык суук чөл, альп ж-а субальп шалбаасы, карагай-бадалдуу токой, шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Кенен жайлоо; төрүнө чейин авт. жолу салынган. Туризм өнүккөн.