География:КАРАШОРО ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
— Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоо, кооз жер. Өзгөн р-нун аймагында. Оштон 130 км, Жалалабаттан 110 км, Өзгөндөн 75 км аралыкта. | |||
Өрөөндүн формасы тепши сымал, таманы анча жазы эмес. 2100–2300 м бийиктикте жатат. Чыгыштан батышка 26 кмге созулат; туурасы 5–6 км. Каптал капчыгайлары (Чабай, Качыраалытөр, Чоң ж-а Кичи Кулубек, Аксур) кокту-колоттуу келип, кыска. Климаты континенттик. Декабрь — февраль айлары ызгаардуу (–15... –20°С), жайы жылуу (12–15°С). Жылдык жаанчачыны 1000 ммге чейин. Жайылмаларда ж-а тоо этектеринде тал, терек, кайың, долоно, табылгы, карагат, шилби, жылгын, итмурун, ыргай ж. б. өсөт. Тоо капталдарына арча-бадал аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2900–3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалары ж-а шалбаалуу талаа, нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Качыраалытөр капчыгайынын ичи өзгөчө кооз, мында токой аралаш бийик чөптүү шалбаа ж-а жылаңач аскалуу беттер жатат. | Өрөөндүн формасы тепши сымал, таманы анча жазы эмес. 2100–2300 м бийиктикте жатат. Чыгыштан батышка 26 кмге созулат; туурасы 5–6 км. Каптал капчыгайлары (Чабай, Качыраалытөр, Чоң ж-а Кичи Кулубек, Аксур) кокту-колоттуу келип, кыска. Климаты континенттик. Декабрь — февраль айлары ызгаардуу (–15... –20°С), жайы жылуу (12–15°С). Жылдык жаанчачыны 1000 ммге чейин. Жайылмаларда ж-а тоо этектеринде тал, терек, кайың, долоно, табылгы, карагат, шилби, жылгын, итмурун, ыргай ж. б. өсөт. Тоо капталдарына арча-бадал аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2900–3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалары ж-а шалбаалуу талаа, нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Качыраалытөр капчыгайынын ичи өзгөчө кооз, мында токой аралаш бийик чөптүү шалбаа ж-а жылаңач аскалуу беттер жатат. | ||
Минералдуу суулары бар (к. Карашоро минералдуу суусу). | Минералдуу суулары бар (к. Карашоро минералдуу суусу). | ||
<br><p> </p> [[Category:География, Тармактык Энц]] | <br><p> </p> [[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска
— Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоо, кооз жер. Өзгөн р-нун аймагында. Оштон 130 км, Жалалабаттан 110 км, Өзгөндөн 75 км аралыкта.
Өрөөндүн формасы тепши сымал, таманы анча жазы эмес. 2100–2300 м бийиктикте жатат. Чыгыштан батышка 26 кмге созулат; туурасы 5–6 км. Каптал капчыгайлары (Чабай, Качыраалытөр, Чоң ж-а Кичи Кулубек, Аксур) кокту-колоттуу келип, кыска. Климаты континенттик. Декабрь — февраль айлары ызгаардуу (–15... –20°С), жайы жылуу (12–15°С). Жылдык жаанчачыны 1000 ммге чейин. Жайылмаларда ж-а тоо этектеринде тал, терек, кайың, долоно, табылгы, карагат, шилби, жылгын, итмурун, ыргай ж. б. өсөт. Тоо капталдарына арча-бадал аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2900–3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалары ж-а шалбаалуу талаа, нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Качыраалытөр капчыгайынын ичи өзгөчө кооз, мында токой аралаш бийик чөптүү шалбаа ж-а жылаңач аскалуу беттер жатат. Минералдуу суулары бар (к. Карашоро минералдуу суусу).