География:КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Түн. Теңиртоодо, Тескей Алатоонун түн. капталында, Каракол суусу аккан багыт б-ча түштүктөн түндүккө карай 35 кмге созулат. Таманынын жазы жери 3–4 км (Каракол ш-нын түштүгүндө), кууш жери 700–1000 м, таманынын басымдуу бийикт. 2300–2700 м.
Талас өрөөнүнүн чыгышында, Кыргыз Алатоосу ж-а анын тармактары Ортотоо, Бакайташ, Кошойташ тоолорунун аралыгында, Талас р-нун аймагында. Каракол суусунун агымы м-н кеңдик багытында 99 кмге созулат. Туурасы 7 км. Өрөөн деңиз деңг. 1600–3000 м бийиктикте жатат. Курчап жаткан тоолордун чокулары өрөөндүн таманынан 1300– 1600 м көтөрүңкү жатат. Өрөөндүн башы кууш капчыгай формасында келип, Ортотоо м-н Бакайташтын аралыгында 10–12 кмге кеңеет, андан ары батышка карай кууштап, аяк жагында кайра кеңейип, Талас өрөөнүнө чыгат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин кум, шагыл, чопо шилендилеринен, курчаган тоо капталдары ортоңку палеозойдун андезиттүү ж-а базальттуу порфирит, туф ж. б. тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик; июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы —1...–8°С, жылдык жаан-чачыны 300— 450 мм. Өрөөндүн таманына талаа ж-а шалбаалуу талаа, жайылмаларда шалбаалуу токой, тоо капталдарына талаа (2700 мге чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт, чабынды, батышы айдоо катары пайдаланылат. Өрөөндө Талас р-нун кыштактары жайгашкан.
Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясы м-н аккумуляциясынын жеп үбөлөнүшүнөн пайда болгон. Өрөөндүн башы тепши сымал, анда ири мөңгүлөр бар.
Караколдун ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгү кууш, V формасындагы капчыгайды түзөт; тоо капталдарында карагай токойлордун ири массивдери кездешет. Өрөөндүн ландшафттында шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа алкактары басымдуу.
Өрөөндүн тоодон чыга беришинде Каракол ш. орун алган. Жайыт; илимий, окуутарбиялык ж-а рекреациялык мааниси чоң.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска