География:БАРАЛБАС ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>БАРАЛБАС ӨРӨӨНҮ</strong> Борб. Теңиртоодо.
Борб. Теңиртоодо.
Акшыйрак суусунун алабында. Батышынан ж-а түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Бозжалпак, Акзоо тоолору м-н чектешет. Уз. (Кайчы суусунун чатына чейин) 63 км, жазы жери 2 км. Деңиз деңг. бийикт. 2900–3700 м, курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийикт. 300–900 м.

Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 м бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында уз. 20 км келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеңейип, 6 тектирден турат. Бикиртик ж-а Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 кмге) өрөөн кууштап терең (800–1000 м) капчыгай аркылуу Акшыйрак өрөөнүнө чыгат. Тоо негизинен девон м-н карбондун татаал бүктөлүүгө дуушарланган акиташ теги, сланец, кумдук, жанар тоо тектеринен турат. Оюнда палеоген-неогендин ж-а антропогендин борпоң чөгүндүлөрү майда адырларды түзүп жатат. Климаты континенттик, суук.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

Борб. Теңиртоодо.

Акшыйрак суусунун алабында. Батышынан ж-а түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Бозжалпак, Акзоо тоолору м-н чектешет. Уз. (Кайчы суусунун чатына чейин) 63 км, жазы жери 2 км. Деңиз деңг. бийикт. 2900–3700 м, курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийикт. 300–900 м. Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 м бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында уз. 20 км келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеңейип, 6 тектирден турат. Бикиртик ж-а Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 кмге) өрөөн кууштап терең (800–1000 м) капчыгай аркылуу Акшыйрак өрөөнүнө чыгат. Тоо негизинен девон м-н карбондун татаал бүктөлүүгө дуушарланган акиташ теги, сланец, кумдук, жанар тоо тектеринен турат. Оюнда палеоген-неогендин ж-а антропогендин борпоң чөгүндүлөрү майда адырларды түзүп жатат. Климаты континенттик, суук. Январдын орт. темп-расы –20...–21°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. өрөөнгө субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаасы (3400 м бийиктикке чейин), андан жогору субнивалдык ландшафттары мүнөздүү.