География:ТЕСКЕЙ АЛАТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>ТЕСКЕЙ АЛАТОО</strong> – Ысыккөлдүн түш. жагын курчаган ири кырка тоо. Кеңдик багытта дого сымал түштүккө ийилип, чыгышта Семенов чокусунан батышты карай Жоонарык суусуна чейин 354 кмге созулат. Эң жазы жери 40 км. Анын батышы – Ү к ө к, чыгышында Ашуутөр ашуусу м-н Семёнов чокусунун ортосу А ш у у т ө р деп аталат. Түндүгүнөн Ысыккөл, Кочкор, түштүгүнөн Каракужур (деңиз деңг. бийикт.
– Ысыккөлдүн түш. жагын курчаган ири кырка тоо. Кеңдик багытта дого сымал түштүккө ийилип, чыгышта Семенов чокусунан батышты карай Жоонарык суусуна чейин 354 кмге созулат. Эң жазы жери 40 км. Анын батышы – Ү к ө к, чыгышында Ашуутөр ашуусу м-н Семёнов чокусунун ортосу А ш у у т ө р деп аталат. Түндүгүнөн Ысыккөл, Кочкор, түштүгүнөн Каракужур (деңиз деңг. бийикт.
2500–3200 м), Үчемчек (3000–3600 м), Арабел (3400–3800 м), Сарыжаз (3000– 3600 м) өрөөндөрү м-н чектешет. Орт. бийикт.
2500–3200 м), Үчемчек (3000–3600 м), Арабел (3400–3800 м), Сарыжаз (3000– 3600 м) өрөөндөрү м-н чектешет. Орт. бийикт.
4470 м; эң бийик жери 5216 м (Каракол чокусу). Т. А негизинен кембрийге чейинки ж-а кембрийдин аягы – ордовиктин башында пайда болгон метаморфизмделген сланец, акиташ тектери, кумдук, чополуу сланецтерден түзүлгөн. Интрузия тектеринен кызыл  ж-а боз граниттер, сиенит-диорит, гранитдиориттер арбын. Неоген м-н төртүнчүлүк мезгилдин Т. А-нун түн. этегиндеги Түн.
4470 м; эң бийик жери 5216 м (Каракол чокусу). Т. А негизинен кембрийге чейинки ж-а кембрийдин аягы – ордовиктин башында пайда болгон метаморфизмделген сланец, акиташ тектери, кумдук, чополуу сланецтерден түзүлгөн. Интрузия тектеринен кызыл  ж-а боз граниттер, сиенит-диорит, гранитдиориттер арбын. Неоген м-н төртүнчүлүк мезгилдин Т. А-нун түн. этегиндеги Түн.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

– Ысыккөлдүн түш. жагын курчаган ири кырка тоо. Кеңдик багытта дого сымал түштүккө ийилип, чыгышта Семенов чокусунан батышты карай Жоонарык суусуна чейин 354 кмге созулат. Эң жазы жери 40 км. Анын батышы – Ү к ө к, чыгышында Ашуутөр ашуусу м-н Семёнов чокусунун ортосу А ш у у т ө р деп аталат. Түндүгүнөн Ысыккөл, Кочкор, түштүгүнөн Каракужур (деңиз деңг. бийикт.

2500–3200 м), Үчемчек (3000–3600 м), Арабел (3400–3800 м), Сарыжаз (3000– 3600 м) өрөөндөрү м-н чектешет. Орт. бийикт. 4470 м; эң бийик жери 5216 м (Каракол чокусу). Т. А негизинен кембрийге чейинки ж-а кембрийдин аягы – ордовиктин башында пайда болгон метаморфизмделген сланец, акиташ тектери, кумдук, чополуу сланецтерден түзүлгөн. Интрузия тектеринен кызыл ж-а боз граниттер, сиенит-диорит, гранитдиориттер арбын. Неоген м-н төртүнчүлүк мезгилдин Т. А-нун түн. этегиндеги Түн. Тескей ж-а Борб. Тескей жаракалары аркылуу Тескей мегантиклиналь структурасы түзүлгөн. Кайнозойдун чөкмөлөрүнө толгон Ысыккөлдүн таманы 4,5 км төмөн ийилсе, Т. А-нун кыр-чокулары 5 кмге чейин жогору көтөрүлгөн. Б. а. кийинки мезгилдеги көтөрүлүүнүн ж-а ийилүүнүн жалпы амплитудасы 10 кмге жетет. Борб. Тескей жаракасы Тамга суусунун меридианына кайчылаш жаткан – Чыгыш Тескей ж-а Батыш Тескей аталган эки асимметриялуу мегаструктураларга бөлөт. Түш. капталы кыска (13–15 кмге чейин), түн. капталы узун (24–30 км). Төртүнчүлүк мезгилдин Түн. Тескей жаракасы рельефтин түзүлүшүн татаалдатып, Т. А-го жарыш бир нече горст-антиклиналдык (Узункыр, Кызылкүнгөй, Тастарата, Кызылчоку, Каракоожунай, Каракүнгөй, Тегерек ж. б.) ж-а аларды бөлүп турган грабен-синклиналдык (Ортотокой, Коңурөлөң–Алабаш, Улакол, Семизбел) структуралар жаралган. Рельефинин тибине тоолордун көтөрүлүшүнө чейин пайда болгон байыркы түздүктөрдүн калдыктары кирет. Алар Т. А-нун горст-антиклиналь структураларында кеңири таралган. Арабел өрөөнүнө караган капталдарынын айрым жерлериндеги байыркы түздүктөрдө мөңгүлөр жайгашкан. Т. А-нун түш. капталы – Жоонарык, Кичи Нарын, Сарыжаз сууларынын оң куймаларынын өрөөндөрү, түн. капталы Ысыккөлгө куйган суулардын нуктары м-н терең тилмеленген. Бардык суу нуктарынын жогорку бөлүктөрү байыркы муздардын тепши сымал өрөөндөрүнөн туруп, мөңгү, муз каптаган тик капталдуу жабык же ачык төрлөр м-н бүтөт. Ачык төрлөрдөгү Тоң (бийикт. 4024 м), Тосор (3830 м), Барскон (3756 м), Жууку (З633 м), Чоңашуу (3806 м), Жуукучак (4070 м) ашуулары Ысыккөлдү Каракаман, Карасаз, Үчемчек, Балгарт, Сарыжаз өрөөндөрү м-н байланыштырат. Т. А. Ички Теңиртоодогу байыркы ж-а азыркы мөңгүлөрдүн борборуна кирет. Тоонун Ысыккөлдү караган бетинде төртүнчүлүк мезгилдин башталышында мөңгү ж-а муздардын аянты 2588 км2 болуп, азыркы мөңгүнүн аянтынан 3,6 эсеге көп болгон. Экинчи жолку муз каптоодо мөңгүлөрдүн узундугу өрөөндөр б-ча 15– 35 кмге, жалпы аянты 2532 км2ге жеткен. Үчүнчү жолкуда уз. 15 кмден ашкан эмес, аянты азыркы мөңгүнүн аянтынан 2 эсе (1307 км2) чоң болгон. Азыр жалпы аянты 1080 км2 болгон 1395 мөңгү бар; 700ү (аянты 509,4 км2) түн. капталында. Мөңгүнүн этеги түн. капталында 3000–3500 м, түштүгүндө 3700–3900 м бийикте жатат. Климаты мелүүн континенттик, бийик тоолуу аймагында континенеттик. Тоо улам бийиктеген сайын темп-расы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны (тоо этегинде) 300–400 мм, мөңгүлүү тилкеде 700–800 мм. Тоонун түш. ж-а түн. капталдарында темп-ранын ж-а жаан-чачындын бирдей болбогонуна жараша өсүмдүктөрү өзгөрүп, климаттык шартына ылайыкташкан. Түш. капталында бирин-серин дарактар; 2400–2900 м бийикте бетеге, доңуз сырты, көдөө чөп, 2800–3800 м бийикте субальп, альп тилкесинде бетеге, шыбак, доңуз сырты, өлөң чөп өсөт. Мөңгү-муздан ж-а моренадан турган аскалуу, шагыл таштуу гляциалдык-нивалдык тилкесинде (3700–3800 мден жогору) анча бийик эмес, топ-топ болуп жер жаздык, кийикот, мамык чөп, эңилчек ж. б. кездешет. Түн. капталдарындагы ландшафт зоналары: тоо этегиндеги адырлуу талаа (1800–2000 м бийикте; кумдуу кара коңур топурактуу; шыбактуу көдөө, бетегелүү шыбак ж-а бадалдар өсөт); токойлуу талаа ж-а токой (2000– 2900 м; күңүрт түстөгү каралжын тоо-токой топурактуу; карагай, табылгы, арча ж-а бадалдуу шалбаа, шалбаалуу субальп (2900–3100 м), шалбаалуу талаа альп (3100– 3800 м), андан жогору көп жылдык кар ж-а мөңгү тилкеси жатат. Жер астынан чыккан арашан сууларында Жетөгүз, Аксуу, Алтынарашан, Жыргалаң ж. б. курорттор, санаторийлер курулган. Негизинен жайыт, токою рекреациялык зона катары пайдаланылат. Б. Орозгожоев, Ш. Качаганов