География:ОЙКАЙЫҢ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>ОЙКАЙЫҢ ТООСУ</strong> – Жумгал кырка тоосунун түш.-батыш тармагы. Ойкайың, Көкөмерен, Миңтеке, Четкууганды, Ортокууганды суулары (Жумгалдын оң куймалары) м-н чектешет. Уз. 36 км, туурасы 20 км.
– Жумгал кырка тоосунун түш.-батыш тармагы. Ойкайың, Көкөмерен, Миңтеке, Четкууганды, Ортокууганды суулары (Жумгалдын оң куймалары) м-н чектешет. Уз. 36 км, туурасы 20 км.
Орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4273 м.
Орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4273 м.
Тоонун түш.-батыш бөлүгүнүн кыры кууш, аскалуу, кокту-колоттуу келип, Көкөмерен суусуна тик түшөт. Түн.-чыгышында мөңгүлөр, байыркы түздүктөр, айрым жеринде жалама аскалар кездешет; капталдары капчыгайлуу, Жумгал өрөөнүнө жантайыңкы, Ойкайың суусуна тигирээк түшөт. Тоонун ортоңку бөлүгү бийик, тегерегиндеги суу өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийикт. 1800–2000 м. Чоңборонду (3800 м), Жолборонду (3780 м), Миңтеке (3104 м), Ойкайың (3401 м) ашуулары бар.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

– Жумгал кырка тоосунун түш.-батыш тармагы. Ойкайың, Көкөмерен, Миңтеке, Четкууганды, Ортокууганды суулары (Жумгалдын оң куймалары) м-н чектешет. Уз. 36 км, туурасы 20 км.

Орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4273 м. Тоонун түш.-батыш бөлүгүнүн кыры кууш, аскалуу, кокту-колоттуу келип, Көкөмерен суусуна тик түшөт. Түн.-чыгышында мөңгүлөр, байыркы түздүктөр, айрым жеринде жалама аскалар кездешет; капталдары капчыгайлуу, Жумгал өрөөнүнө жантайыңкы, Ойкайың суусуна тигирээк түшөт. Тоонун ортоңку бөлүгү бийик, тегерегиндеги суу өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийикт. 1800–2000 м. Чоңборонду (3800 м), Жолборонду (3780 м), Миңтеке (3104 м), Ойкайың (3401 м) ашуулары бар. Түн.-батышы филлит, кумдук, алевролит, ортоңку бөлүгү гранит, түн.-чыгышы базальттуу ж-а андезит-базальттуу порфирит, туф, туф-конгломерат тектеринен турат. Тоого талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал, токой аралашкан шалбаалуу-талаа, айрым жерде субальп, альп шалбаасы (3000–3600 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт; шалбаалары чабынды.