География:КҮМҮШТАК ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>КҮМҮШТАК ТООСУ</strong> (күмүш ж-а байыркы кыргызча таг – тоо; күмүш тоо) – Талас Алатоосунун түн. тармагы. Күмүштак, Үрмарал сууларынын (Таластын сол куймалары) ортосунда түштүктөн түндүккө карай 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км.
(күмүш ж-а байыркы кыргызча таг – тоо; күмүш тоо) – Талас Алатоосунун түн. тармагы. Күмүштак, Үрмарал сууларынын (Таластын сол куймалары) ортосунда түштүктөн түндүккө карай 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км.
Орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 4251 м.
Орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 4251 м.
Бийик түш. бөлүгүнүн кыры тик чокулуу, аскалуу келип, мөңгүлөр кездешет, түндүгү Талас өрөөнүн карай жапыздайт.
Бийик түш. бөлүгүнүн кыры тик чокулуу, аскалуу келип, мөңгүлөр кездешет, түндүгү Талас өрөөнүн карай жапыздайт.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

(күмүш ж-а байыркы кыргызча таг – тоо; күмүш тоо) – Талас Алатоосунун түн. тармагы. Күмүштак, Үрмарал сууларынын (Таластын сол куймалары) ортосунда түштүктөн түндүккө карай 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км.

Орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 4251 м. Бийик түш. бөлүгүнүн кыры тик чокулуу, аскалуу келип, мөңгүлөр кездешет, түндүгү Талас өрөөнүн карай жапыздайт. Батыш ж-а чыгыш капталдары тик ж-а чукул, айрым жерлери капчыгайлуу. Негизинен рифейдин акиташ теги, акиташ чополуу сланец, филлит, кумдук, тектеринен турат. Тоодон Карагайлы, Коёндуу, Чийимташ, Чоңжол, Коңурдөбө ж. б. суулар башталат. Жарым чөл ж-а кургак талаа (2700 м бийиктикке чейин), бадал токой аралашкан шалбаалуу талаа (2700–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.