География:КАРАКҮНГӨЙ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>КАРАКҮНГӨЙ ТООСУ</strong> Ички Теңиртоодо.
Ички Теңиртоодо.
Тескей Алатоонун түн.-батыш тармагы.
Тескей Алатоонун түн.-батыш тармагы.
Улакол – Семизбел өрөөнү м-н Каракүнгөй (Кочкордун оң куймасы) суусунун аралыгынан орун алган. Кочкор ж-а Тоң р-ндорунун аймагында. Уз. 22 км, туурасы 7 км.
Улакол – Семизбел өрөөнү м-н Каракүнгөй (Кочкордун оң куймасы) суусунун аралыгынан орун алган. Кочкор ж-а Тоң р-ндорунун аймагында. Уз. 22 км, туурасы 7 км.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

Ички Теңиртоодо.

Тескей Алатоонун түн.-батыш тармагы. Улакол – Семизбел өрөөнү м-н Каракүнгөй (Кочкордун оң куймасы) суусунун аралыгынан орун алган. Кочкор ж-а Тоң р-ндорунун аймагында. Уз. 22 км, туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3700–3800 м, эң бийик жери 4081 м. Түн.-батыштан түш.-чыгышка карай бийиктеп, курчап жаткан өрөөндүн таманынан 1200–1300 м көтөрүлүп жатат. Кыры чыгышында аскалуу, айрым жерлеринде мөңгү кездешет, капталдары тик ж-а кыска; батышында тайпагыраак, капталдары жантайыңкы. Тоодон Каракүнгөй, Борке, Сарытөр суулары (Улаколдун сол куймалары) башталат. Негизинен палеозойдун башталышында пайда болгон кумдук, алевролит, сланец тектеринен туруп, айрым жерлерин ордовиктин гранит, гранит-диорит интрузия тектери жиреп чыккан. Кургак талаа ж-а майда бадал аралашкан талаа (2600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2600–2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2900–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.