География:КАРАКАМАН ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>КАРАКАМАН ТООСУ</strong> Ички Теңиртоодо.
Ички Теңиртоодо.
Жылуусуу (чыгышында) ж-а Каракужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Каракаман суусу аны экиге бөлөт. Уз. 56 км, туурасы 14 км, орт. бийикт. 3860 м, эң бийик жери 4343 м.
Жылуусуу (чыгышында) ж-а Каракужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Каракаман суусу аны экиге бөлөт. Уз. 56 км, туурасы 14 км, орт. бийикт. 3860 м, эң бийик жери 4343 м.
Чардаксуу ж-а Каракаман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийикт.
Чардаксуу ж-а Каракаман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийикт.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

Ички Теңиртоодо.

Жылуусуу (чыгышында) ж-а Каракужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Каракаман суусу аны экиге бөлөт. Уз. 56 км, туурасы 14 км, орт. бийикт. 3860 м, эң бийик жери 4343 м. Чардаксуу ж-а Каракаман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийикт. 1000 м. К. т. горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Неогендин аягында, төртүнчүлүк мезгилдин башталышында көтөрүлгөн. Батыш Каракамандын капталдары асимметриялуу: түн. капталы тик, кыска (2,5 км), түштүгү жазы (3–15 км), Чыгыш Каракаман симметриялуу түзүлүштө. Тик капталдуу тепши сымал өрөөндөр арбын. Байыркы тайпаң жондор 4000–4200 м, батышында 3600 м бийиктикте кездешет. Тепши сымал өрөөндөрдүн башы (түн. капталы) мөңгүлүү. Кар чегинин бийикт. 4000 м бийиктен өтөт. Негизинен үстүнкү протерозойдун филлит, кумдук, алевролит, кварцтуу порфирит; соңку рифейдин гранит-диорит ж-а гранит тектеринен түзүлгөн. 3000–3500 м бийикте кылканактуу-шыбактуу кургак талаа, 3500– 3800 мде субальп шалбаалуу талаа, 3800 мден жогору альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.