География:ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ</strong> Ички Теңиртоодо, Жумгал өрөөнүнүн түн. жагында.
Ички Теңиртоодо, Жумгал өрөөнүнүн түн. жагында.
Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орт. бийикт. 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Карамойнок чокусу). Тескей Алатоонун   
Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орт. бийикт. 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Карамойнок чокусу). Тескей Алатоонун   
  (Үкөк, Карагатты, Кызарт тоолору) Көкбулак аш.
  (Үкөк, Карагатты, Кызарт тоолору) Көкбулак аш.

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

Ички Теңиртоодо, Жумгал өрөөнүнүн түн. жагында.

Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орт. бийикт. 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Карамойнок чокусу). Тескей Алатоонун

(Үкөк, Карагатты, Кызарт тоолору) Көкбулак аш.

Күрмөнтү аш. ЖЕ Т И М К Ы Р К А Т О О С У 7 0 7 14 км батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш ж-а ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Карамойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү м-н бөлүнөт. Батыш бөлүгү түн.-чыгыштан түш.-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ойкайың) ажырайт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан ж-а жогорку протерозойдун калыңдыгы 500– 3000 м болгон филлит, кварцит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кумдук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Тоо тизмегиндеги нефелиндүү сиенит массивдери м-н алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Ж. т. к. чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ойкайың тоолорунун тескей беттери тик ж-а кыска, күнгөй жагы жазы ж-а жантайынкы. Киндик, Карамойнок, Сандык тоолорунуку, тескерисинче, капталдары айдөөш. Тоодон Батыш ж-а Чыгыш Каракол сууларынын куймалары агып түшөт. Карамойнок, Ойкайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан континенттик; абанын орт. темп-расы январда– 11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Тоо этектеринде айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу талаа (бетеге дүйүм чөптөр), бир аз жерин токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу талаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоокалуу субнивалдык нивалдык-гляциалдык зона жатат. Жайыт.