География:БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
Борб. ж-а Ички Теңиртоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыркорум, Үзөңгүкууштуюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоң Үзөңгүкууш, Кичи Үзөңгүкууш, Бозжалпак сууларынын Өрөөндөрү м-н чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Бозжалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеңдик багытында созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөңгүсүнүн төрүндө 5170 м, орт. бийикт. 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой (4000 м), Ашуусуу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун ж-а астыңкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектон. жарака б-ча көтөрүлүп, кеңдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түн. капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы ж-а азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөңгүлөр ээлейт. Ортоңку ярусу – неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектон. кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир ж-а аларды бөлүп турган кашаттар. Төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден ж-а V формасындагы терең, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөңгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл ж-а кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800– 4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарабаш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыржыгар ж.б.), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраң, доңуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. | |||
Д. Исаев | Д. Исаев | ||
<br><p> </p> [[Category:География, Тармактык Энц]] | <br><p> </p> [[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска
Борб. ж-а Ички Теңиртоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыркорум, Үзөңгүкууштуюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоң Үзөңгүкууш, Кичи Үзөңгүкууш, Бозжалпак сууларынын Өрөөндөрү м-н чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Бозжалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеңдик багытында созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөңгүсүнүн төрүндө 5170 м, орт. бийикт. 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой (4000 м), Ашуусуу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун ж-а астыңкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектон. жарака б-ча көтөрүлүп, кеңдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түн. капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы ж-а азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөңгүлөр ээлейт. Ортоңку ярусу – неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектон. кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир ж-а аларды бөлүп турган кашаттар. Төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден ж-а V формасындагы терең, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөңгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл ж-а кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800– 4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарабаш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыржыгар ж.б.), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраң, доңуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.
Д. Исаев