География:БООРАЛБАС КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
<strong>БООРАЛБАС КЫРКА ТООСУ</strong>, И т е л г и у я т о о с у – Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Соңкөл өрөөнүнүн түш. жагында батыштан чыгышка карай созулуп жатат.
, И т е л г и у я т о о с у – Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Соңкөл өрөөнүнүн түш. жагында батыштан чыгышка карай созулуп жатат.
Уз. 70 км. Бирин бири далдалаган ж-а өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Бооралбас, Ителгиуя). Орт. бийикт. 3500 м.
Уз. 70 км. Бирин бири далдалаган ж-а өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Бооралбас, Ителгиуя). Орт. бийикт. 3500 м.
Эң бийик жери 3980 м (Ителгиуя чокусу).
Эң бийик жери 3980 м (Ителгиуя чокусу).

24 ноябрь 2026, саат 12:34 учурдагы нуска

, И т е л г и у я т о о с у – Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Соңкөл өрөөнүнүн түш. жагында батыштан чыгышка карай созулуп жатат. Уз. 70 км. Бирин бири далдалаган ж-а өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Бооралбас, Ителгиуя). Орт. бийикт. 3500 м. Эң бийик жери 3980 м (Ителгиуя чокусу). Девон м-н карбондун боз ж-а кызыл түстөгү карбонаттуу терриген тектеринен, айрым жерлери кембрий, ордовиктин көмүртектүү сланец ж-а карбонаттуу катмарларынан түзүлгөн. Түн. капталдары м-н кыр жагында астыңкы палеозойдун гранит интрузиялары басымдуулук кылат. Б. к. тнун. борб. бөлүгү өтө бийик келип, батышты ж-а чыгышты карай жапыздайт. Түш. капталдары тик, кемерлүү, түн. тарабы анча тик эмес, Соңкөлгө карай этек жагы жантайып кетет. Айрым жерлеринде байыркы денудациялык тегиздиктер кездешет. Таманы тегиз өрөөндөр ж-а аларды бөлүп турган жапыз жондор көлдү карай эңкейиштейт. Ителгиуянын күнгөй бети тик, тескейи жантайыңкы; кырларында айдөөш тегиздиктер даана байкалат. Б. к. т-нда байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган; азыркы мөңгүлөр жок. Ландшафттары бийиктикке ж-а тоо капталдарынын экспозициясына жараша өзгөрөт. Тескей капталдарын 3150 м бийиктикке чейин түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман, көбүргөн) субальп, андан жогору альп шалбаалары (түркүн гүлдүү чөптөр, доңуз сырт) ээлейт. Соңкөлгө такалган этегинде өлөң чөп, саздуу шалбаа басымдуу. Күнгөй беттерине бетегелүү (тоо сулу, казтаман, шимүүр ж. б.), түркүн чөптүү талаа (2500–3000 м), жапалак арча, бадалдар (төө куйрук, табылгы), бетеге, түркүн чөптөр аралаш өскөн субальп (3000–3500 м) ж-а альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору) зоналары мүнөздүү. Куртка өрөөнүндө тоонун Кажырты суусуна караган бетеринде карагай токоюнун массивдери бар. Жайлоо.