МАРИНАДДОО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p anomaly-ttl-fixed="True"> | <p anomaly-ttl-fixed="True"> | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МАРИНАДДОО </strong>( | <strong data-text-type="type_1_article_title">МАРИНАДДОО </strong>(французча mariner - туздуу сууга салуу) - жашылча, мөмө-жемишти уксус <abbr data-short="к-та" data-full="кислота" data-extended="true">кислота</abbr>сын кошуп, <em>консервалоо</em> ыкмасы. Маринаддоо үчүн уксус <abbr data-short="к-та" data-full="кислота" data-extended="true">кислота</abbr>сынын начар эритмеси пайдаланылат. Маринадга кошулган туз (1-3%) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> татымалдардын курамындагы заттар (эфир майлары жана башкалар) микроорганизмдердин өсүшүн басаңдатып, продукциянын узак сакталышына өбөлгө түзөт. Уксус <abbr data-short="к-та" data-full="кислота" data-extended="true">кислота</abbr>сынын концентрациясына жараша жашылча маринаддары ачуу (1,2-1,8%), кычкыл (0,6- 0,9%) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> бир аз кычкыл (0,4-0,6%) болуп айырмаланат. Кийинки экөө жакшы сакталыш үчүн пастерленет. Көбүнчө бадыраң, томат, сабиз, кызылча, капуста, пияз, патисон жана башкалар маринаддалат. Мөмө-жемиш маринаддары уксус <abbr data-short="к-та" data-full="кислота" data-extended="true">кислота</abbr>сынын концентрациясына жараша пастерленбеген (1,0-1,5%), пастерленген ачуу (0,6-0,9%), пастерленген кычкыл-таттуу (0,2-0,6%) болуп айырмаланат. Майда сорттогу алма, алмурут, алча, кайналы, карагат, жүзүм маринаддалат. Маринаддоо алдында жашылча, мөмө-жемиш жуулуп, сорттолуп, тазаланып, тууралып, бланширленип даярдалат.</p> | ||
[[Category:5-том,_201-300_бб]] | [[Category:5-том,_201-300_бб]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 08:43 учурдагы нуска
МАРИНАДДОО (французча mariner - туздуу сууга салуу) - жашылча, мөмө-жемишти уксус кислотасын кошуп, консервалоо ыкмасы. Маринаддоо үчүн уксус кислотасынын начар эритмеси пайдаланылат. Маринадга кошулган туз (1-3%) жана татымалдардын курамындагы заттар (эфир майлары жана башкалар) микроорганизмдердин өсүшүн басаңдатып, продукциянын узак сакталышына өбөлгө түзөт. Уксус кислотасынын концентрациясына жараша жашылча маринаддары ачуу (1,2-1,8%), кычкыл (0,6- 0,9%) жана бир аз кычкыл (0,4-0,6%) болуп айырмаланат. Кийинки экөө жакшы сакталыш үчүн пастерленет. Көбүнчө бадыраң, томат, сабиз, кызылча, капуста, пияз, патисон жана башкалар маринаддалат. Мөмө-жемиш маринаддары уксус кислотасынын концентрациясына жараша пастерленбеген (1,0-1,5%), пастерленген ачуу (0,6-0,9%), пастерленген кычкыл-таттуу (0,2-0,6%) болуп айырмаланат. Майда сорттогу алма, алмурут, алча, кайналы, карагат, жүзүм маринаддалат. Маринаддоо алдында жашылча, мөмө-жемиш жуулуп, сорттолуп, тазаланып, тууралып, бланширленип даярдалат.