ЛАКХНАУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||

ЛАКХНАУ - Индиянын түндүгүндөгү шаар. Инди-Ганг түздүгүндө, Гомати |
ЛАКХНАУ - Индиянын түндүгүндөгү шаар. Инди-Ганг түздүгүндө, Гомати дарыясынын (Гангдын сол куймасы) өрөөнүндө жайгашкан. Уттар-Прадеш штатынын администрациялык борбору (1947-жылдан). Калкы 2,8 млн (2010). Маанилүү жолдор тоому (Дели—Калькутта автомобиль жолу өтөт). Эл аралык аэропорту бар. 1528-жылы негизделген.

[[File:ЛАКХНАУ_1.jpg|thumb|«Бара Имамбара» комплекси. Борборунда «Асафи Масжид» мечити.]]

Лакхнауну «Чыгыштын алтын шаары» (архитектуралык курулуштарында алтын колдонулгандыгы жана уникалдуу зер буюмдары үчүн) деп аташат. «Бара Имамбара» шейиттер үчүн ыйык комплекс (1783-1784; анын ичинде мечит), «Руми Дарваза» (же «Түрк Дарбазасы», 1784), саат мунарасы, Ыйык Иосиф собору сакталган. Текстиль, кагаз, металл иштетүү, булгаары-бут кийим, тамак-аш, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Индиянын илимий, маданий, медицина жана биология ири борбору, илимий изилдөө институттар, университеттер, коллеждер, музейлер бар. Жыл сайын февралда музыка жана бий фестивалдары өткөрүлөт.
[[Категория:5-том,_2-50_бб]] | ||
19 ноябрь 2026, саат 04:31 учурдагы соңку нуска