НАМАНГАН УЕЗДИ (1876-1924): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАМАНГАН УЕЗДИ (1876-1924) - Туркстан генерал-губернаторлугуна караштуу аймактык бирдик. М. Д. Скобелев жетектеген орус аскери Наманган ш-н алгандан (26-сентябрь, 1875) кийин түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш, чыгыш тарабынан (Нарын - Сыр-Дарыянын чыгышы - Чаткал тоо кыркалары менен чектелген) орун алып, жалпы аянты 15273,4 км2 (вёрст) түзгөн. Калкы 1896-ж. 1-январдагы эл каттоо боюнча 208940 жан (105212 эркек, 103728 аял) болуп, анын ичинде жергиликтүү калк (көчмөн жана отурукташкан) 207543 болгон. Н. у. 27 болуштуктан туруп, бешөө (Кырк уул, Саруу, Чаткал, Арым, Суусамыр) көчмөн болуштуктар болгон. Түркстан крайында Совет бийлигинин орношу менен (к. Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлунушу) 1924-ж. Н. у-нин 10 болуштугу Кара Кыргыз АОсунун курамына өткөн.
Ад.: Материалы для статистического описания Ферганской области: результаты поземельно-податных работ. Вып. 3. Наманганский уезд/Сбст. Г. С. Назаров. Типография Ферганск. областн. правления, 1910.