НАЗАРАЛИЕВ Орозаалы: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЗАРАЛИЕВ Орозаалы (1898, азыркы ЫсыкКөл обл., Түп р-ну, Теңизбай кыш. — 19. 2. 1957, Каракол кыш.) - алгачкы агартуучу, коллективдештирүүгө жигердүү катышкандардын бири. Алты жашынан жетим калып, 1914-ж. Караколдо татар-уйгур мектебинен окуган. Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин (1928), КПСС БКнын Москвадагы жогорку мектебин (1932) бүткөн. 1920-27-ж. алгачкы мугалим катары Теңизбай айылына сабатсыздыкты жоюу (ликбез) мектебин уюштуруп, Ысык-Көл өрөөнүнүн Тепке, Чолпон, Күрмөнтү айылдарында элдин сабатын ачуу боюнча иш алып барган. 1927- 29-ж. Каракол кантондук агартуу кызматкерлер союзунун, 1930-31-ж. Кайынды айыл советинин төрагасы, 1932-34-ж. № 507 «Скотовод» совхозунун директору, 1934-35-ж. Тепке колхозунун башкармасынын төрагасы, 1936-39-ж. Ош обл-нун Ноокат р-ндук финансы бөлүмүнүн башчысы, 1939-46-ж. партиянын Ноокат, ЖетиӨгүз, Түп райкомдорунда, Ысык-Көл обкомунда жооптуу кызматта, 1946-47-ж. Каракол асыл тукум чарбасынын директору, 1947-49-ж. Тасма айыл советинин, 1949-57-ж. Ново-Вознесеновка р-нунун Каракол совхозунда жумушчу кооперациясынын төрагасы болуп иштеген. Кыргыз АССР агартуу кызматкерлеринин 2-3-съезддеринин делегаты. Обл. советтерге депутат болгон. Тепке айлындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган.