МУХАММЕД КЫРГЫЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУХАММЕД КЫРГЫЗ - 16-к-дын 1-жарымындагы кыргыз уруулар бирикмесинин башчысы. Моголстандын тарыхына байланыштуу Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. «Тарих-и Рашиди») эскерилет. Могол ханы Султан Саидди колдоп, эмир Абу Бакрдан Кашкарды бошотууга жардам берген (май-июнь, 1514) жана өз алдынча Жаркентке жүрүш жасаган (июнь-июль). М. К-дын жардамы менен Кашкардын тагына отурган Султан Саид хан ага көптөгөн олжо жана белектерди тартуулап узаткан. Кайтып келгенден кийин Моголстандагы кыргыздарды өзүнө баш ийдирип, кийинки жылы Түркстан, Ташкент, Сайрамга бир нече жолу талоончул жортуул уюштурган. М. К-дын күчтөнө баштаганын көргөн Султан Саид хан аны алсыздандырууга аракет кылган. Ал Түркстан ш-нын башчысы Күчүм (Кучкунжи) хандын уулу Абдылда (Абдаллах) султанды туткунга алып, кайра уруксатсыз бошотконун шылтоолоп, 1517-ж. июнь-июль айында Барскон ашуусу аркылуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги кыргыздарды чапкан. М. К-ды туткунга алып, 15 жылдык абакка кескен. Бирок уулу Абд ар-Рашидди кыргыздарга хан көтөрүүнү көздөп, 1521/22-ж. М. К-ды абактан бошотуп, аны «кыргыздардын эмири» катары кайрадан тааныйт. Ага карабай кыргыздар моголдорго каршы күрөшүн токтоткон эмес, ошондуктан 1524-ж. кийин Султан Саид хан М. К-ды өзбектерге (казак) жардам кылды деген шылтоо менен экинчи жолу туткунга алган. Туткундан Султан Саид хан өлгөндөн кийин бошонгон. Маалыматтардын жетишсиздигине байланыштуу Б. Солтоноев, М. К. менен кыргыз санжырасындагы Тагай бий бир киши болушу мүмкүн деп болжолдогон.
Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати, Тарик.-и Рашиди. А., 1999; Турганбаев Э. Мухаммед Кыргыздын теги Долон бийби//Кыргызстан тарыхынын маселелери. 2006. № 4.