МУУН ЖАЗУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУУН ЖАЗУУ — муун системасына негизделген жазуу. Мында жазуу белгилери (силлабемалар) үнсүз жана үндүү фонемалардын (же жалаң үндүүлөрдүн) тизмегин туюндурат. Чыныгы муун системасындагы жазуулар - кипр силлабрийи, эфиопия, инди жазууларынын бир даары (кхароштхи, брахми жана андан тараган Тибет, Индия, Индонезия жазмалары), жасалма түрдө пайда болгон черок (Түндүк Америка), ваи (Либерия), менде (Сьерра-Леоне) жазуулары. Сөз-муун жазуусу - япон, байыркы корей, соңку клинопись, лувий иероглиф жазуулары. Байыркы фарс клинописи, байыркы семит жазуусу жана египет иероглифтеринин айрымдары да М. ж. болушу мүмкүн.
Ад.: Дирингер Д. Алфавит/Пер. с англ. 2-е изд. М., 2004.