МУУНАК ВАЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУУНАК ВАЛ — бир же бир нече эксцентрлүү жайгашкан, подшипниктерге отургузулган кривошип-шатундуу механизм тетиги. Ал шатун менен бириктирилип, негизги жана шатундук моюндан, беттен, каршы салмактан, алдынкы жана арткы учтардан, фланецтен турат. Беттердин жардамы менен негизги жана шатундук моюндар өз ара кыймылсыз бириктирилет. Негизги моюндар - М. в. таянычы. Шатундук моюндардын жардамы менен шатундун төмөнкү бөркү (головкасы) М. в-га бириктирилет. Шатундук моюндун октору М. в-дын айлануу огуна карата салыштырмалуу жылышат. М. в-дын иштөө тең салмактуулугун кармаш үчүн сапаттуу болоттон же чоюндан жасалган тең салмактагычтар орнотулат. М. в-га топтолгон айландыруучу момент трактор, автомобилдердин трансмиссияларына берилет, ошондой эле кыймылдаткычтын башка механизмин, агрегатын жана түйүнүн аракетке келтирүүгө чыгымдалат. М. в. поршендүү кыймылдаткыч, насос, компрессор, темир пресстөөчү машина жана ушул сыяктуу түзүлүштөрдө колдонулат.