МУУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУУН 1) ти л илиминде — М. фонетикадагы негизги бирдик. Ал тыбыштын структуралык элементи катары сөздүн фонетикалык курамына кирет. М. бир тыбыштан да, бир нече
тыбыштын айкалышынан да түзүлөт. М. түзүлүш үчүн үндүү фонеманын болушу сөзсүз шарт (а-та, ө-рүк, мал-чы, уч-куч ж. б.). Азыркы кыргыз тилиндеги М. түзүлүшү боюнча ачык, жабык, туюк муун болуп бөлүнөт. Жалаң үндүүдөн же үнсүз+үндүүдөн болсо - а ч ы к (а-та, тоо-до, суу-ну, и-ни) муун; үндүү+үнсүз болсо - ж аб ы к (эл, алп, өрт, от-тон) м у у н жана үнсүз+үндүү+үнсүз болсо (кал-кан, чоор, класс, план, кал-пак) туюк муун болот. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөргө байланыштуу кыргыз тилинде муундун жаңы түрлөрү пайда болгон. Буга үнсүз+үнсүз+үндүү+үнсүз+үндүү+ +үнсүз (станок), үндүү+үнсүз+үнсүз+үнсүз (омск), үнсүз+үнсүз+үндүү+үнсүз (стол), үнсүз+үнсүз+ +үндүү+үнсүз+үнсүз (спорт), үнсүз+үнсүз+үнсүз+ үндүү+үнсүз (взвод), үнсүз+үндүү+үнсүз+үнсүз+ +үнсүз (текст) сыяктуу муундар кирет; 2) а д аб и я т т а - бир жолку дем чыгаруудан пайда болгон сөздөгү тыбыш же тыбыштардын бирикмеси. Ыр түзүлүшүндө (дүйнөлүк практикада) М-дар узун жана кыска, басымдуу жана басымсыз болот. Кыргыз ырларына төрт М-дан он алты М-га чейинки саптар мүнөздүү, мисалы, Көчө бойлоп (4), Кээде ойноп (4), Катар жүрүп (4), Келе жатты үч бала (7) (А. Токтомушев); Ак балтанын Чубагы (7), Астындагы Көктеке (7), Кызыл калган убагы (7) («Манас»); Арманы болор мергендин (8), Алганы болор бергендин (8) (Эл ыры); Менин доорум - ойлор күндү чапчыган (11), Менин доорум - көз ирмебес чакчыгай (11) (Ж. Мамытов); Таң атканда ойгонгон күн чыкканга калат тек (14), Күн чыкканга алгандан качан болсо наалат көп (14) (С. Шатманов).