МУСУЛМАНДАР БЮРОСУ (1919-20): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУСУЛМАНДАР БЮРОСУ (1919-20) - Түрк­стан крайындагы мусулмандардын мүдөөсүн коргоо үчүн уюшулган крайлык комитеттин атайын бөлүмү (Краймусбюро). Иш жүзүндө Түркстан АССРинде болыпевиктердин бийлигин чыңоо үчүн түзүлгөн. Анткени Кокон автономиясынын (ноябрь, 1917 - февраль, 1918) түзүлүшү жана кулашы мусулман крайында алардын кадыры абдан алсыз экенин көрсөткөн. 1919-ж. 6-ап­релде Түркстан КП Крайкому «Мусулмандар бюросу жөнүндө жобону» бекитип, 7-июлда «Мусулмандардын коммунисттик секциясы жөнүндө жобону» иштеп чыккан. Төрагасы бо­луп Т. Рыскулов, мүчөлүгүнө Ю. Алиев, Ю. Иб­рагимов, А. Мухитдинов, Н. Хожаевдер шайлан­ган. М. б. крайдагы өзгөчө абалды эске алуу менен жергиликтүү элди партияга тартуу, айыл-кыштак­тарда партиялык ячейкаларды ачуу, эл чарба жана аскер кадрларын даярдоо сыяктуу иштерди аткарып, өз алдынча «Иштирокиюн» («Комму­нист», кийин «Кизил байрок», азыркы «Узбе­кистон овози») деген гезит чыгарышкан. Бирок М. б. Түркстан компартиясын жападан-жалгыз жетекчи орган катары таануудан баш тартып, крайдагы этностук татаал абалды эске алуу менен «Түрк республикасы», «Түрк компартиясын» түзүүнү сунуш-кылган. Мындай абалда РСФСР ЭКС БАК тарабынан 1919-ж. 8-октябрда Түрк­комиссия (төрагасы Ш. Элиава) түзүлүп, М. б-нун ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөн. Анын негизинде Крайлык 5-партконф-янын (ян­варь, 1920) чечими менен М. б. Түрстан Компар­тиясына бириктирилген.

Ад.; Абдуллаев Р. М. и др. Туркестан в начале XX века: К истории истоков национальной не­зависимости. Таш., 2000. А. Ш. Махаева.