МУСТЬЁ ДООРУ—: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУСТЬЁ ДООРУ— палеолиттин эң акыркы мез­гили. В. з. ч. 150-120-миң - 40-35-миң жыл­дыктарда өкүм сүргөн. Вул дрорду «ортонку палеолит» деп да аташат. Доордун аталышы 19-к-дын орто ченинде Францияда ачылган Ле­Мустье үңкүрүнүн аты менен байланыштуу. Олду­вай, ашель доорлоруна салыштырмалуу мустье эстеликтери Евразиянын көп жерлеринде кез­дешет. Куралдар ар кандай эмгек процессине ылайыкташтырылып жасалган. Мисалы, кыргыч сымал куралдар менен аңчылыкта өлтүрүлгөн жа­ныбарлардын этин кесүүгө жана терисин иш­тетүүгө мүмкүн болгон. Башы учтуу куралдар саюу, кесүү үчүн пайдаланылып, канжар, бы­чак катары колдонулган. Таш куралдары жы­гачты жана сөөктү иштетүү үчүн пайдаланылган. Аңчылык жашоонун негизги булагы болгон. Аңчылык куралдары төмөнкү деңгээлде болсо да, палеоантропторду курчап турган жаныбар­лардын молдугу, мергенчилик кылуунун натый­жалуулугу, аларга жан багууга мүмкүнчүлүк бер­генетикалык Өсүмдүктөр байыркы адамдардын тамакта­нуусунда маанилүү орунду ээлегендиктен, жый­ноочулук өз маанисин жоготкон эмес. Вирге жашап, топ-тобу менен азык табуу палеоантроп­тордун социалдык бирикмесинин кыйла өнүгү­шүнө алып келген. Белгилүү деңгээлде эмгекти жынысына, жашына жараша бөлүштүрүүнүн тартиби болгон. Мындай социалдык бирикме уруулук түзүлүштүн калыптанышына негиз түзгөн. М. д-нда өлгөн адамга өзгөчө мамиле­нин, көмүүнүн атайын жөрөлгөлөрүнүн калып­танышы келечекте жалпы адамзат маданиятынын өнүгүшүнө жаңы сапаттуу баскыч болгон. Мын­дай жаңы көз караштын өнүгүшү коомдук ма­миленин андан ары татаалданышына гана эмес, палеоантроптордун ичиндеги жаңы со­циалдык байланыштын келип чыгышына түрт­кү болгон. Евразия чөлкөмүндө.бОтан ашуун па­леоантроптордун сөөк калдыктары антропол. жактан толук изилденген. Алар баш сөөгүнүн түзүлүшү жагынан азыркы адамдардан жантайма чекеси, көзүнүн үстүндөгү дөңсөөлөрү, көлөмдүү ээги жана тиштеринин чоңдугу менен айырма­ланган. Сөөктүүлүгүнө караганда шамдагай жана күчтүү болушкан. Алардын мээсинин тиричи­лик жана сүйлөө үчүн маанилүү болгон бөлүгү өнүккөн. Кыргызстандагы М. д-на таандык эстелик­тер - Тосор, Георгиевка дөңсөөсү, Капчыгай па­леолит өнөрканасы, Юрташсай ж. б.