МУСРЕПОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУСРЕПОВ Габит Махмутович [9(22). 3. 1902, азыркы Түндүк-Казакстан обл., Жамбыл р-ну, Жа­ңы-Жол айылы - 1985, Алматы] - казак жазуу­чусу жана коомдук ишмер, Казак ССР ИАнын ака­демиги (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). Ом­скидеги а. ч. институтунда окуган (1926-27). Чыг­лыгы 1926-жылдан башталган. «Туйлаган тол­кунда» аттуу туңгуч повести (1928) граждандык со­гуш окуяларын баяндайт. 20-жылдардын аягы - 30-жылдардын башында очерк, аңгеме циклде­рин («Көк үйдөгү кошуналар», «Туннель», «Же­ңилген Есрафиль», «Үзгүлтүксүз өсүш» ж. б.) жана «Алгачкы адамдар» повестин, эне жөнүндө но­велла циклин («Эне», 1934) жараткан. 40-50- жылдарда Улуу Ата Мекендик согушту баянда­ган «Казак солдаты» (1949), казак жумушчула­ры тууралуу «Ойгон өлкө» (1953) романдарын жазган. М. - «Кыз Жибек» операсынын либрет­тосунун (1935), «Козу Көрпөш-Баян сулуу» (1939), «Ахансере-Актокты» (1942) пьесалары­нын автору. М. кийинчерээк кайрадан аңгеме, новелла жазууга өтүп, «Ооба, бул - анын изи» (1962), «Турмуш чакырыгы» (1963) сыяктуу аң­гемелерди жаратты. «Бир жолу жана өмүр бою» повести (1967) үчүн Абай Кунанбаев атындагы Казак ССР мамлекеттик сыйл. алган (1970). Чыгармалары чет элдердин тилдерине, ошондой эле кыргыз тилине да которулган. Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.