МУСАЕВ Самар: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУСАЕВ Самар (23. 2. 1927, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Казбек айылы - 8. 4. 2010, Бишкек) - «Манас» изилдөөчү, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (1962), КРдин илимине эмг. сиң. ишмер (2001), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. эки жолку лауреаты (1998, 2000). 1949-ж. Фрунзедеги педагогикалык институту бүтүргөн. 1949-жылдан ушул институтта окутуучу болуп иштеген. 1950-ж. эң алгач уюшулган кыргыз адабияты кафедрасынын

башчысы, 1965-88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тил, адабият институтунда «Манас» секторунун башчысы, 1988-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы болуп өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген. М. көптөгөн окумуштуулардын «Манас» эпосуна арналган илимий макалаларынын кол жазмаларын чогултуп, иретке келтирип, «”Манас” героический эпос киргизского народа» (1968) деген китепти басмага даярдаган, анын түзүүчүсү жана редактору болгон. 1968-ж. С. Каралаевден «Манас», «Семетей» эпосторун магнитофонго көчүрүп алууга катышкан. Анын «Эпос “Манас”» деген монографиясы 1979-ж. орус тилинде жарык көргөн. Ушул эле эмгек 1984-ж., 1985-ж. орус, немис, англис тилдеринде бир китеп болуп жарык көргөн. 1986-ж. С. Орозбаков менен С. Каралаевдин варианттары боюнча «Манас» эпосунун 1-бөлүмүнүн кара сөз түрүндөгү баяндамасынжазып, жарыкка чыгарган. «Манас» энциклопедиясын чыгарууга жигердүү катышкан.