МУСАЕВ Көлбай Алишерович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУСАЕВ Көлбай Алишерович (3. 6. 1961-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Кызыл-Суу айылы) - коопсуздук кызматынын генерал-майору (2011). КМУну (1984), Киев ш-ндагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун (1989), Европа борборунда квалификацияны жогорулатуу курсун (1999) бүтүргөн. 1984-88-ж. Талас облнун Ленинполь р-нундагы Орловка орто мектебинде мугалим, комсомолдук иште, 1989-99-ж.

КР Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинде, 2009-10-ж. Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкент ш-ндагы Региондук террористтерге каршы күрөшүү комитетинде жооптуу кызматкер, 2010- 11-ж. КР Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 2011- жылдан 1-орун басары, Террорго каршы борбордун
директору. Медалдар менен сыйланган.