МУСА Баетов: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУСА Баетов (1902, азыркы Нарын обл., АкТалаа р-ну, Байгөнчөк кыш. - 9. 5. 1949, Фрунзе) - ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл арт. (1939). Нарын ш-дык радиосунда (1931- 34), Кыргыз мамлекеттик филармониясында (1936-49) солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зыйнат») чебер аткарган. М. жө-

нөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын духунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майдангачыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» ж. б.) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыздар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. М. комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. М. «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ойтобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» ж. б. элдик жана автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган. М-нын аткаруусундагы элдик жана залкар обончулардын ырларын музыка изилдөөчүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүргөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов М-нын «Арпанын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ырларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. Орто Азия жана Казакстан ырчыларынын конкурсунда М. биринчи байгени алган (1944). М-нын ысмы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек ш-ндагы көчөгө, Ак-Талаа р-нунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.