МУРЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУРЧ (Р1рег т£гиш) - өсүмдүктөрдүн ит жүзүм­дөр тукумундагы капсикум уруусуна кирүүчү ка­лемпирдин бир түрчөсү, чөп. Сабагы ичке, сол­кулдак, уз. 10-12 м. Жалбырагы жөнөкөй, сүйрү, кабыктуу, кезектешип жайгашат. Гүлү майда саргыч же ак. Мөмөсү тоголок, жалгыз урук­туу, диаметри 3-5 мм, көк, бышканда кызгылт, кургаганда каралжын түскө өтөт. Мекени - Ин­дия, Түштүк-Чыгыш Азия, Чыгыш Африка жана Американын тропиги. КМШ өлкөлөрүндө жы­лыткычта өстүрүлөт. М. өстүрүлүшүнө жараша 5-6 айда же 3-4 жылда гүлдөйт, 5-10 айда бы­шат. Ал татымал катары колдонулат. Сапаты курамындагы пиперин алкалоиди менен эфир майына жараша болот.