МУРАТОВ Абдикарим: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУРАТОВ Абдикарим (19. 5. 1956-жылы туулган, Ош обл., Ноокат р-ну, Шаңкол айылы) - педагог,

журналист-публицист, проф. (2010), педагоги­ка илимдеринин доктору (2011). 1976-ж. ОМПИни бү­түргөн. Мектепте мугалим (1976-85), ОМПИде улук окутуучу (1979-80), Кыргыз педагогика ИИИде илимий кызматкер (1985-92), «Эне тили» (1991-92), «ХАМАЛ Кыргызстан» (2003-07), гезиттеринде башкы редактор КББАда (1997- 2008), И. Арабаев атындагы КМУда (2010-жылдан) окутуучу. КР Эл агартуу отличниги (1995). Кыр­гыз адабияты боюнча кыргыз, өзбек жана орус мектеп­тери үчүн мамлекеттик стандарттын, окуу программа­ларынын, окуу китептеринин, ошондой эле «У-УШ класстарда адабият теориясын окутуу» (1990), «Ат этнопедагогикасы - Айтматовдо» (2005), «Аталар сөзү - акылдын көзү. Адеп аңгемеле­ри» (2008), «Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары» (2009), ж. б. илимий-методикалык китеп­тердин (анын ичинде 8 монография, 9 окуу колдонмо) автору. Анын «Ак чыйыр» (1987), «Курманбек баатыр» (2004), «Рахманкул хан» (2004), «Акыр­кы адам жапайынын арзуусу» (2009) ж. б. аңге­мелер жана повесттер жыйнактары бар.

Эмг.: Чыңгыз Айтматов - жазуучу-этнопедагог. Б., 2006; Дилбаян - дил сыры, тил сыны. Б., 2008; Кыргыз эл педагогикасы: табияты, таралышы жана тарыхы. Б., 2011.