МУНДУЗ (уруу): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУНДУЗ - сол канатка караштуу кыргыз урууларынын бири. Кээ бир окумуштуулардын (С. Абрамзон, Ю. Худяков, Б. Юнусалиев ж. б.) пикиринде кыргыз элин түзгөн эң байыркы компоненттердин бирине кирет. Куу уулдун алты уулунун бири («Ай-Баш Мундуз») катары алгачкы жолу «Мажму ат-Таварихте» кезигет.
Кыргыз санжырасы боюнча М-дар Бээбайластан тарап, алар бай М., оосурак М., коткор М. жана кыйра деген негизги топторго бөлүнөт. Азыркы учурда өзүн М. деп эсептеген уруулар Нарын (АкТалаа, Нарын ж. б. р-ндордо), Ысык-Көл (Түп, Жети-Өгүз, Тоң ж. б.), Чүй (Кемин, Ак-Суу, Москва), Талас (Кара-Буура, Манас ж. б.), Жалал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул ж. б.) обл-нда жана КЭРдин айрым аймактарында (мисалы, АкСуу) чачкын жайгашкан.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.
Р. Жолдошев.