МУНАЗАРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУНАЗАРА (арабча талаш-тартыш) - Чыгыш ад­тындагы жанр. Кара сөздө да, ырда да учу­райт. Бири-бирине көз карашы, түшүнүгү, тут­кан идеясы карама-каршы турган эки тараптын талаш-тартыштары чагылдырылган чыгарма­лар. Каршы тараптар өз ойлорунун, пикирле­ринин тууралыгы, чындыгы, пайдасы үчүн күрөшөт. Мында образдар жандандырылат, ке­йиптештирилет. Алгачкы үлгүлөрү 3-4-к-да фар­сы тилинде жазылган. «Ассирия дарагы» деген ырда сакталган, анда эчки менен пальма дарагы кимиси пайдалуу экенин талашат. Махмуд Каш­гаринин «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» деген

китебинде жаз менен кыштын ортосундагы М. берилет да, төрт саптан турган строфалар а-а-а-б, в-в-в-б тибинде уйкашат. Бул М-да эки мезгилдин ар биринин өзүнө гана таан­дык касиеттери, сулуулугу өтө образдуу ачылат. Ошондой эле Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим» дас­танынын айрым үзүндүлөрү да М. формасында жазылган. 2-к-да жашаган түрк акыны Асади Тусийдин «Түн менен күн муназарасы», «Асман менен жер муназарасы», «Каапыр менен мусул­ман муназарасы» деген чыгармаларында бул жанр бир кыйла бийиктикке көтөрүлгөн, фи­лос., ыймандык маселелери тереңдетилген. М. формасындагы ырлар азыркы кыргыз поэзия­сында да кездешет.