МУКАННА КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МУКАННА КӨТӨРҮЛҮШҮ - араб баскынчыларына каршы багытталган 776-783-ж. Орто Азиядагы элдик көтөрүлүш. Ага катышкандар душманынан айырмалануу үчүн ак кийим кийип чыгышкан. Ошондуктан аны жетектеген Хашим ибн-Хакимди арабдар «Муканна» (арабча - чүмбөт жамынган адам) деп атап, көтөрүлүш тарыхта М. к. деген ат менен калган. Ал 776-ж. Бухара ш-на жакын Наршах кыш-нда башталып, бат эле жеңилип калган. Ага карабай ошол эле жылы көчмөн түрк урууларынын колдоосу менен Наршах жана анын айланасындагы жергиликтүү дыйкан жана майда кол өнөрчүлөр кайрадан көтөрүлүшкө чыккан. Араб халифатынын аскери Наршахты төрт ай бою камап, башкы мунараны курчаган дубалды кулатышкандан кийин гана чепке киришкен. Наршах кыш-нын башкаруучусу жана көтөрүлүш жетекчилери өлтүрүлгөн. Мындан кийин көтөрүлүштүн очогу Самарканд ш. менен Кеш аймагындагы Санам чебине оогон. Самарканддагы көтөрүлүш 778-ж. чейин уланып, Санамды арабдар 783-ж. алышкан. Муканна колго түшпөө үчүн өз жанын өзү кыйган. Бирок араб баскынчыларына каршы Муканнаны жактоочулардын («ак кийимчен адамдар») күрөшү 12-к-га чейин уланган.
Ад.: Якубовский А. Ю. Восстание Муканны - движение людей в «белых одеждах»//Советское востоковедение. 1948. Т. 5; История таджикского народа. Т. 2, кн. 1. М., 1964.