МУЗДАК АГЫМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МУЗДАК АГЫМ - ачык океанда айлана-тегере­гиндеги сууларга караганда температурасы төмөн болгон горизонталдык суу агымы. Көбүнчө жо­горку кеңдиктерден (уюл тараптан) төмөнкү кең­диктерге же туздуулугу азыраак океан мейкин­дигинен тузу арбын жакка агат. Мындай агым­дарга Лабрадор, Чыгыш Гренландия, Курил агымдары кирет.