МӨҢГҮ ЧӨКМӨЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МӨҢГҮ ЧӨКМӨЛӨРҮ - байыркы доорлордо, ошондой эле азыркы кезде жер бетин каптап жаткан мөңгүлөрү менен материктик муздардын кыймыл­аракетинен келип чыккан чөкмө тектер. Өз ичи­нен муз-мөңгүлүү жана суу-муздук чөкмөлөрдөн турат. Муз мөңгү чөкмөлөрү (гляциалдык же мореналык) кесек талкалан­ган тектердин муз-мөңгүлөрдүн арасында (ичи­не, капталына, ортосуна, таманына, үстүнө) тоңуп калышынан же мөңгүлөрдүн сүрүп шиле­нишинен пайда болот. Мында кесек талкалан­ган тектер чондугу боюнча иргелбейт. Негизинен коргул, корум, шагыл сыяктанган бөлүкчөлөр­дөн турат. Алардын арасынан чопо, кумдуу чопо, кумдуу топурак, кум орун алат. С у у - м у з чөкмөлөрү муз-мөңгүлөрдүн арасында же чет-тарабында кездешет. Кесектери чондугу боюнча иргелет. Мореналардын суу менен агышынан, муздун, мөңгүнүн шиленишинен пайда болот. Булардын арасында флювиогляциалдык (агын суу менен мөңгүлөрдүн бирдиктүү аракетинен пай­да болуучу) чөкмөлөр, башкача айтканда эриген суулар агы­зып келген кыйгач кабаттанган кумдар, майда шагылдар жолугат. Лимно-гляциалдык (көлдөр менен мөңгүлөрдөн пайда болуучу) чөкмөлөр муз­мөңгүлөрдүн арасынан же мөңгүлөрдүн этегин­деги көлдөрдөн орун алат. Тасма чополор кез­дешет. Муз-мөңгү чөкмөлөрүнүн бардыгы тата­ал түзүлүштөн (мөңгү комплекстери, форма­цияларынан) турат. Антропоген мезгилиндеги муз каптоо доорлорунда пайда болгон М. ч-нүн мааниси зор. М. ч. кембрийге чейинки мезгил­дерде, ордовикте да пайда болгон. Бирок, алар күчтүү өзгөрүүлөргө учурап, тапталып ныктал­ган, биригип камдашкан. Айрым учурда мета­морфизм процессине дуушар болгон (мисалы, тил­литтер).