МӨНДҮР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МӨНДҮР - кичине томолок, ныкталган муз түрүндө жааган атм. жаан-чачын. Өлчөмү 5- 55 мм, кээде андан да чоң болот. Күн жылуу маалда түшөт: аба алмашуунун натыйжасында төмөнкү катмардагы нымдуу жылуу аба жого­ру (5-6 клгге) көтөрүлүп, тез муздашы менен муз кристаллдарына айланат. Кристаллдар төмөн түшө баштаганда кездешкен ным алардын көлөмүн чоңойтуп, мөңгү бүртүктөрү пайда бо­лот. Адатта, калың түрмөктөлгөн булуттан кууш, бирок узун (жүздөгөн клгге чейин) тилке­де чагылгандуу кара нөшөр менен кошо түшөт. М. көбүнчө мелүүн алкакта, түштөн кийин жаап, адатта, 5-10 мүнөт, чанда жарым саатка созу­латынча Уюлга жакын аймактарда М. түшпөйт. М. эгинди, бак-дарактардын мөмөлөрүн, бүчүрлөрүн талкалап, а. ч-га өтө зыян келтирет.