МӨМӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МӨМӨ - жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн көбөйүү органы. Ал гүлдөн өөрчүп, урук пайда болуу менен аяктайт. М. уруктун калыптануу, корго-

Мөмө: 1 - кара карагат; 2 - алча; 3/- кулпунай; 4 - апельсин; 5 - калемпир; 6 - авакадо 7 - кокос жаң­гагы.

нуу, таралуу кызматын аткарат. Анын морфол. негизин мөмөлүк түзөт, ошондой эле гүлдүн башка бөлүктөрү (гүл коргону, гүл жайгашкыч ж. б.) да М. пайда кылууга катышат. М-нүн көлөмү,

формасы, түсү, ачылуу, түшүү жолдору өтө ар түрдүү. М. кургак, ширелүү, көп уруктуу болуп айырмаланат. Кургак көп уруктуу М-гө - куту­ча, чанактуулар ж. б., кургак бир уруктууга - жаңгак, желудь, данча ж. б.; ширелүү көп урук­туулар - жемиштерге алма, бир уруктууларга сөөктүүлөр кирет. М. апокарптуу (бир же бир нече бирикпей өскөн мөмө жалбырактан өөр­чүгөн) жана ценокарптуу (бир нече мөмө жалбы­рактары биригип өскөн) гинецейлүү болуп бөлүнөт. М-нүн экономикалык мааниси өтө чоң болгон­дуктан, көптөгөн өсүмдүктөр М-сү үчүн айдалат. к. Мөмө өсүмдүктөрү, Урук.