МОТОЦИКЛ СПОРТУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МОТОЦИКЛ СПОРТУ - спорттун техникалык түрү; ата­йын трассада, жолдо, жолсуз жерде жүрүүчү ка­димки жана спорттук мотоциклде мелдешүү. М. с-на айланма шосседе (1,5 клгден ашык), трек­спидвей (стадиондун гарь жана муз жолдору боюнча), ипподромдо (даңгыр жол боюнча), шаардын көчөлөрүндө жарышуу, мотокросс, мотобол (мо­тоциклде топ ойноо), атайын татаалдаштырыл­ган жолдор менен өтүү (фигуралык айдоо), күйүүчү майды үнөмдүү пайдаланып жарышуу, тоого чыгуу, бир нече күн жарышуу, ошондой эле рекорд бел­гилөөдөгү атайын жүрүштөр кирет. Автомобиль жана мотоцикл боюнча 1-мелдеш 1895-ж. Париж - Бордо - Париж маршрутунда, М. с. боюнча 1907-ж. Питермарицбург (ТАР) ш-нын четинде өткөрүл­гөн. Россияда 1-мелдеш 1898-ж. Петербург ш-на жакын жерде 39 км аралыкта өткөн. 1907-ж. Эл аралык мотоцикл федерациясы негизделип, 1912-ж. эрежелери такталган. СССРдин бирин­чилиги үчүн алгачкы мелдеш 1924-ж. Москвада өтүп, дүйнөлүк чемпионат 1936-жылдан өткө­рүлөт. Мелдешке катышуучу мотоциклдер моторлорунун иштөө көлөмү боюнча бир нече класс­тарга бөлүнөт. Көбүнчө моторунун иштөө көлөмү 125 слАе чейинки мотоциклдер колдонулат. Кыргызстанда М. с. 1931-ж. уюшулуп, 1950-жылдан массалык түрдө өнүгө баштаган. СССРдин чем­пиону болгон Н. Шарапова (1954) жана спорт че­берлери А. Дайнеко, А. Руденко ж. б. СССР ку­рама командасына кирип, эл аралык мел­дештерге катышкан. Н. Шарапова бүткүл союз­дук көп күндүк жарышта 1-орунду ээлеп, Румы­нияда өткөн эл аралык мелдешке катышкан. А.

Дайнеко 1956-ж. Германия Демокр. Респ., ГФРде өткөн мелдеште алтын медаль, ошол

эле жылы Гармиш-Партенкирхенде (ГФР) өткөн дүйнөнүн биринчилигинде күмүш медалга ээ болгон. Б. Абдрасаков.