«МОСФИЛЬМ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

«МОСФЙЛЬМ» - РФтеги киноконцерн. 1924-ж. Москвада уюшулуп, 1935-ж. чейин ар кандай аталып, 1935-жылдан «М.» киноф-касы, 1936- 90-ж. киностудиясы, 1990-жылдан кинокон­церн. СССРдеги, ошондой эле дүйнөдогү эң ири кино­студия болгон. Адегенде көркөм, илимий-популяр­дуу, мультипликациялык фильмдер чыгарыл­са, 1935-жылдан көркөм фильм гана чыгарат. Кино өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон ре­жиссёрлор: А. П. Довженко, С. М. Эйзенштейн, И. А. Пырьев, М. И. Ромм ж. б.; операторлор: М. П. Магидсон, Э. К. Тиссеж. б.; сүрөтчүлөр: В. В. Егоров, Атап Айтканда Уткин ж. б. белгилүү кино­ишмерлер иштеген. Көрүнүктүү фильмдери: «Пе­тербург түнү» (1934), «Биз Кронштаттанбыз» (1936), «Ленин 1918-жылы» (1939), «Машенька» (1942), «Коммунист» (1958), «Кадимки фашизм» (1966), «Согуш жана тынчтык» (1966-67), «Вир тууган Карамазовдор» (1969) ж. б. «М.» чыгар­ган «Деңиз тууралуу ыр» (1959), «Адам тагды­ры» (1960), «Солдат жөнүндө баллада» (1961), «Бошотуу» (1970-71) фильмдери Лениндик сыйл., 40тай фильми СССР жана РСФСР мамлекеттик сыйл. татыктуу болуп, ЮОдөн ашык фильми Эл аралык жана Бүткүл союздук фестивалдар­да сыйл. алган. «Кыргызфильм» киностудия­сынын «Салтанат» (1955) жана «Биринчи муга­лим» (1965) фильми «М.» студиясы менен бирге тартылган. «М-дин» курамында «Арк-Фильм», «ВЕРТИКАЛЬ», «Жанр», «Телефильм» ж. б. сту­диялар, «Навона союзу» компаниясы, «РИТМ» продюсердик телекомпаниясы иштейт. Музейи бар, адис даярдоо курсу ачылган. Киностудия Ленин жана Октябрь революциясы ордендери менен сыйланган.

Ад.: Суменов Н. М. Киностудия «Мосфильм». М., 1982; «Мосфильм»: Аннотированный каталог полно­метражных фильмов. 1923-2002. М., 1982.