МОСКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МОСКА Гаэтано (1. 4. 1858, Палермо - 8. 11. 1941, Рим) - итал. саясат таануучу, социолог. В. Парето менен бирге элита теориясын негизде­генетикалык «Башкаруучу тап» (1896) китебинде М. бар­дык коом эки тапка бөлүнгөндүгүн ырастаган. Ал эки тап: башкаруучу «саясий тап» (элита) жана башкарылуучу. Башкаруучу тап бийликке ээлик кылып, бийликтин артыкчылыктары менен ырахаттанышкан. Бийликти колдоо үчүн мыйзам чегиндеги жана андан тышкары ыкма­ларды колдонушат. Башкаруучу тап күч жана алдоонун гана эмес, идеол. же «саясий доктри­нанын» жардамы менен башкарат. Диний же

улут­тук сезимдерге негизделген универсалдык

кыял­дардын жардамы менен элита калкты өзүнүн үстөмдүүлүгүнүн легитимдүүлүгүнө ынандыра алат. Көпчүлүктүн эрки сыяктуу үстөмдүк кыл­ган демокр. доктринаны М. жалган деп

эсепте­генетикалык М-нын ою боюнча элитанын үстөмдүгү - бар­дык мезгилдер жана элдердин тарыхый тажрый­басы күбө кылган мыйзам. Парето сыяктуу ал дагы, «элитаны жаңыртмайын социалдык ста­билдүүлүк мүмкүн эмес», дейт.