МОРЕНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОРЕНА - мөңгү жылганда аны менен кошо ши­ленип же мөңгүлөр эрип кеткенден кийин ор­дунда калган талкаланган кесек тектердин ир­гелбеген чогундусу. Курамы: кумдуу чопо, кум, мөңгү жылмалаган шагыл жана кой таштардан турат. Пайда болуу шартына жараша эки түргө ажыратылат: 1)аракеттеги М-да талка­ланган жана кулап түшкөн тектер мөңгүнүн үстүнөн, арасынан, түбүнөн орун алып, өз ара үстүнкү, ички (арасындагы), түпкү М. деп­ата- латынча Үстүнкү М. мөңгүнүн так ортосу менен эки четинен (жээгинен) орун алат. Ички М-лар кар көчкүлөрү менен кошо кулап келген кесек тектер­дин тоңуп калышынан пайда болот. Буга үс­түнкү жана түпкү М-лар да кошулат. Түпкү М-лар болсо, мөңгү шилеп келген шилендилер болуп эсептелет; 2) ч ө к м ө М. - мөңгү эрип кеткенден кийин анын ордунда чөгүп калган талкаланды тектер. Аракеттеги М-лардан келип чыгат. Мындай М-лар антропоген мезгилинде материктерди каптаган муздардын толук эрип кеткен аймактарында орун алып, алар негизги М-лар болуп саналат.