МООНЗУНД АРХИПЕЛАГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МООНЗУНД АРХИПЕЛАГЫ, Б а т ы ш Э с­тон архипелагы Балтика деңизиндеги аралдар тобу. Рига булуңунун түндүк-батыш та­рабында; Эстонияга карайт. Жалпы аянты

4000 км2 болгон 500дөн ашуун аралдан турат; ири аралдары: Сааремаа, Хийумаа, Муху, Ворм­си. Аралдары негизинен акиташ тектеринен туруп, айрым жерлери мөнгү жана деңиз чөкмө­лөрү менен капталган. Жээктери булуң-буйткалуу; Жеринин бети түзөң (бийикт. 54 жче). Көлү көп. Коруктары: Вийдумяэ, Вильсанди. Климаты мелүүн жылуу, кышы жумшак (январдын орт. температурасы -4°С), жайы жылуу (июлдуку 17°С); жылдык жаан-чачыны 550 жлдей. Аралдардын басымдуу бөлүгүн токой массивдери менен кезек­тешип жаткан шалбаа ээлейт. Жээктеринде кызыл карагайлуу кум дөбөлөрү (дюналар) мү­нөздүү. Чымдак-карбонаттуу жана саз топуракта­ры мүнөздүү. Балык уулоо, дыйканчылык жана мал чарбасы өнүккөн. Ири шаары - Курессаре.